Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 13-сентябры № 7/62
Максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө
Күнтуу айыл аймагына караштуу Маловодное айылынын Сагынбек Бейшенович көчөсүндө №46а дарегинде жайгашкан аянты 216,6 чарчы метр жер тилкесинин максаттык багытын “Жеке турак жай алдындагы жерден” “Окуу борбору куруу үчүн” өзгөртүп берүү жөнүндө Маловодное айылынын тургуну Г.С. Джороеванын кайрылуусун угуп, талкуулап, Сокулук районунун шаар курулушу жана Архитектура боюнча башкармалыгынын 2024-жылдын 9-сентябрындагы Шаар курулуш корутундусунун негизинде, Күнтуу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Маловодное айылынын Сагынбек Бейшенович көчөсүндө №46а дарегинде жайгашкан аянты 216,6 чарчы метр жер тилкесинин максаттык багытын “Жеке турак жай алдындагы жерден” “Окуу борбору куруу үчүн” өзгөртүп берүүгө макулдук берилсин;
2. Бул токтомдун аткарылышы Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевге жүктөлсүн;
3. Ушул токтомдун аткарылышынын өз көзөмөлүмө калтырам.
Төрага | М.А. Тобоев |