КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин кезексиз 11-сессиясынын (VII шайланган) жыйналышынын
2022-жылдын 17-февралындагы № 11/1
Кара-Кулжа райондук Кызыл-Жар айыл аймагынын Күйө-Таш айылында жайгашкан Жеңишбек Шамшиев атындагы балдар музыкалык мектебине музыкалык аппаратура алууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Жеңишбек Шамшиев атындагы балдар музыкалык мектебинин директору Д.Исраиловдун Кара-Кулжа райондук Өнүктүрүү фондуна жазылган долбоорунун өткөрүү берген маалыматын угуп жана талкуулап депутаттардын Кызыл-Жар айылдык Кеңеши токтом кылат
1. Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Күйө-Таш айылында жайгашкан Жеңишбек Шамшиев атындагы балдар музыкалык мектебине музыкалык аппаратура алуу үчүн өздүк салым катары Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн 2022-жылынын бюджеттинен 30 000 ( отуз миң) сом акча каражатты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин участкалык депутаттарына жана туруктуу комиссиянын жергиликтүү бюджетинин иштетилишинин жана маданий иштерди алып барууну көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Жусубалиевага тапшырылсын.
Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин төрайымы | Г.Т.Эрматова |