Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 13-сентябры № 7/63
Бөлтөк тоосунан 24,9 гектар жер тилкесин “Ала-Арча” паркына өткөрүп берүү жөнүндө
2024-жылдын 6-майында болуп өткөн жыйында, Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Сартпаев Эдик Омурзаковичти угуп жана Сокулук районунун мамлекеттик администрациясынын келип түшкөн катты карап чыгып жана талкуулап, Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы №454-тескемесин аткаруу алкагында Байтик Баатырдын ысымын түбөлүккө калтыруу, жагымдуу экологиялык чөйрөнү колдоо максатында жан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 13-17-беренелерине ылайык өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 23 беренесинин өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы 554 номери менен токтому бекитилген микрокоруктарды жана жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын түзүү жана алардын иштөө тартибине ылайык Күнтуу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл аймагына тиешелүү Бөлтөк тоосунан 24,90 гектар жер тилкеси “Ала-Арча” паркына микрокорук жана жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын түзүү үчүн берилсин;
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдө Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О.Сартпаевге жүктөлсүн.
Төрага | М.А. Тобоев |