АК-ЧИЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Чий айылдык кеңешинин ХVII сессиясы
2023-жылдын 13-мартындагы № 3
Жайыт акыларынын бааларын бекитүү жөнүндө
Ак-Чий айыл аймагындагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2023-жылдагы майда жандык,бодо малдардын жайыт акы бааларын бекитуү жөнүндө күн тартибиндеги маселе боюнча маселени карап, талкуулап Ак-Чий айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Чий айыл аймагындагы Жайыт пайдалануучулар бирикмеси тарабынан
Ак-Чий жана Жаны-Тилек айылдарында майда жандык (кой ,эчки) 20 сом жана улак-козу,тай,торпокторго жайыцт акы алынбасын, бодо малдарга (уй,жылкы,топоз) жайыт акысы 100 сомдон болуп бекитилсин.
2. Ак-Чий айыл аймагындагы Жайыт пайдалануучулар бирикмеси тарабынан орто жана алыскы жайлоорго көчүрүлө турган чабардарга жайыт билеттери жок болсо малдарын чабандар алууга жол берилбесин.
3. Ак-Чий айыл аймагында жеке ветеринардык вет сервистердин уруксат кагаздары жок малын чабандар алса, жайыт пайдалануучулар бирикмеси тарабынан жана жеке ветеринардык вет сервистин мыйзамдарынын негизинде чабандарга штраф салынсын жана чабандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын Ак-Чий айыл аймагындагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жетекчисине милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
Ак-Чий айылдык кеңешинин төрагасы: |
| А.Жунусов |