Редакцияот 17.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин кезектеги 11-сессиясынын (VII шайланган) жыйналышынын

 

2022-жылдын 17-февралындагы № 11/3

 

Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Кайың-Талаа айылындагы Ак-Терек учаскасынан туризмди өнүктүрүү боюнча туристик этно база куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө

 

Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Кайың-Талаа айылынын тургуну жеке ишкер Арапбаев Абдилазиз Макеновичке Кайың-Талаа айылындагы Ак-Терек учаскасынан туризмди өнүктүрүү боюнча туристик этно база куруу куруу үчүн 2 га жер сурап кайрылган билдирүүсү менен таанышып чыгып жана талкуулап Кызыл-Жар айылдык Кеңеши токтом кылат

1. Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Кайың-Талаа айылын Ак-Терек учаскасынан туризмди өнүктүрүү боюнча туристик этно база куруу үчүн жер участогун бөлүп берүү жагын Кызыл-Жар айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

2. Кызыл-Жар айылдык Кеңештеги агрардык,азык-түлүк,суу чарба,жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Обозбек уулу Амалбекке милдеттендирилсин.

 

 

Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин төрайымы

Г.Т.Эрматова