Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 13-сентябры № 7/64
Күнтуу айылдык кеңешинин депутаты У.С. Дюшебаевтин
арызын кайра кароо жөнүндө
Күнтуу айыл аймагына караштуу Кызыл-Туу айылында №88 контурунда жайгашкан аянты 0,35 га жер тилкесин СИП панель чыгаруу цехин иштетүүгө өнөр жай багытына которуп, мыйзамдаштырып берүү үчүн, №88 контурундагы аянты 0,32 га муниципалдык жер тилкесине парк салууга, №88 контурунда 0,45 га жер тилкесине муниципалдык техникаларды токтотуу үчүн У. С. Дюшебаевтин кайрылуусун угуп, талкуулап, Күнтуу айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл аймагына караштуу Кызыл-Туу айылында №88 контурунда жайгашкан аянты 0,35 га жер тилкесин СИП панель чыгаруу цехин иштетүүгө өнөр жай багытына которуп, У.С. Дюшебаевге ижарага берүү үчүн келишимди мыйзамдаштырып берүүгө макулдук берилсин;
2. Кызыл-Туу айылындагы №88 контурундагы аянты 0,32 га жер тилкесине муниципалдык парк салууга жана айыл өкмөтүнүн балансына алууга макулдук берилсин;
3. Кызыл-Туу айылындагы №88 контурундагы 0,45 га муниципалдык жер тилкесинин документтерин мыйзамдаштырып ишкерлерге берүүгө макулдук берилсин;
4. Аталган №88 контурдагы жер тилкелеринин аянттарын тактап, документтерин мыйзамдаштырууга Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевге тапшырылсын;
5. Ушул токтомдун аткарылышынын өз көзөмөлүмө калтырам.
Төрага | М.А. Тобоев |