Редакцияот 13.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ЧИЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Чий айылдык кеңешинин ХVII сессиясы

 

2023-жылдын 13-мартындагы № 5

 

Ак-Чий айыл аймагында таштанды акыларынын тарифтерин бекитүү жөнүндө

Ак-Чий айыл аймагынын таштанды акыларынын тарифтерин 2023-жыл ичинде карап, талкуулап Ак-Чий айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ак-Чий айыл аймагындагы Ак-Чий ,Жаны-Тилек айылдарынын таштанды акыларынын тарифтери 2023-жылдан баштап жылына 100 сом болуп бекитилсин.

2. Ай сайын техникалар менен таштандылар чыгарылып, айыл ичинин тазалыгы каралып турсун.

3. Көрүнгөн жерге өзүм билемдик кылып таштанды төккөн түтүн ээлерине мыйзамдын чегинде айып пул (штраф) салынсын.

4. Бул токтомдогу каралган таштанды чыгаруу жагын айыл өкмөт башчысы Б.Чиркеевге тапшырылсын.

 

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.

 

 

 

Ак-Чий айылдык кеңешинин төрагасы:

 

А.Жунусов