АК-ЧИЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Чий айылдык кеңешинин ХVII сессиясы
2023-жылдын 13-мартындагы № 6
Ак-Чий айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн карамагындагы «Кадаң-Майстан» муниципалдык ишканасынын жетекчилигин дайындоо жөнүндө
Ак-Чий айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн карамагындагы «Кадаң-Майстан» муниципалдык ишканасынын жетекчилигин дайындоо жөнүндө маселени карап жана талкуулап Ак-Чий айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Чий айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн карамагындагы «Кадаң-Майстан» муниципалдык ишканасынын директорлугуна кызмат ордуна 2023-жылдын 6-март айында өткөрүлгөн элдик жыйындын негизинде шайланган Нурманбетов Максат Айтбаевич, жардамчысы Жаны-Тилек айылынын тургуну Нурбеков Билал Нурбекович дайындалсын.
2. «Кадаң-Майстан» муниципалдык ишканасынын акча каражаттарына Ак-Чий айыл өкмөтүнүн бухгалтери тарабынан тийиштүү эсептөөлөр жүргүзүлсүн .
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
Ак-Чий айылдык кеңешинин төрагасы: |
| А.Жунусов |