Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 13-сентябры № 7/65
Дем берүүчү грантка катышуу жөнүндө
Күнтуу айыл аймагына караштуу Кызыл-Туу айылындагы Саадаш Абдылдаева атындагы орто мектебин капиталдык оңдоп- түзөө иштерин жасоого, Кызыл-Туу айылындагы Салмоорбек Табышалиев атындагы көчөсүнө асфальт төшөөгө, Маловодное айылындагы маданият үйүнүн чатырын оңдоп бүтүрүүгө дем берүүчү грантка катышуу үчүн айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевдин маалыматын угуп, талкуулап, Күнтуу айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл аймагына караштуу Кызыл-Туу айылындагы Саадаш Абдылдаева атындагы орто мектебин капиталдык оңдоп- түзөө иштерин жасоого, Кызыл-Туу айылындагы Салмоорбек Табышалиев атындагы көчөсүнө асфальт төшөөгө, Маловодное айылындагы маданият үйүнүн чатырын оңдоп бүтүрүүгө дем берүүчү грантка катышуу үчүн макулдук берилсин;
2. Дем берүүчү грантка катышып, өз салымын кошууга жергиликтүү бюджеттен акча каражаты каралсын;
3. Бул токтомдун аткарылышы Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевге жүктөлсүн;
4. Ушул токтомдун аткарылышынын өз көзөмөлүмө калтырам.
Төрага | М.А. Тобоев |