Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-октябрындагы № 620 токтомуна) |
Аскер кызматчыларына, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө кызматтык турак жайларды берүү жана аларды пайдалануу тартибинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-июнундагы № 359, 2025-жылдын 18-июлундагы № 430, 2025-жылдын 5-сентябры № 562 , 2025-жылдын 11-декабрындагы № 802 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Аскер кызматчыларына, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине (мындан ары - кызматкерлер) жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө кызматтык турак жайларды берүү жана аларды пайдалануу тартибинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) аскер кызматчыларынын/кызматкерлердин кызматтык турак жайды колдонуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча бирдиктүү укуктук негиздерди, ошондой эле ээлеген турак жайды менчиктештирүү укугун ишке ашыруу жана кызматтык турак жайдан чыгаруу маселесин аныктайт.
2. Ушул Жободо колдонулуучу негизги терминдер:
1) башка маанилүү жагдайлар - пенсияга укук берүүчү кызмат өтөгөн жылдары боюнча запаска бошотуу, ошондой эле судьянын кызмат ордуна же Кыргыз Республикасынын өкүлчүлүктүү же болбосо мамлекеттик органдарына шайлоо же дайындоо менен шартталган жагдайлар;
2) ведомстволук турак жай фонду - мамлекеттик органдын карамагында турган мамлекеттик турак жай фондунун турак жайларынын жыйындысы, анын ичинде:
- бюджеттик каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен курулган же Кыргыз Республикасынын турак жай мамилелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларына ылайык тийиштүү мамлекеттик органдын карамагына берилген;
- Кыргыз Республикасынын турак жай мамилелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларына ылайык жеке жана юридикалык жактардан сатып алынган;
- турак жай катары пайдалануу үчүн жарактуу кайра жабдылган имараттар жана курулмалар;
3) кызмат өтөгөн жылдары - офицердик курамдагы адамдардын, прапорщиктердин жана контракттык кызматтын аскер кызматчыларынын, укук коргоо органдарында кызматта турган жетекчилик жана катардагы курамдагы адамдардын аскердик кызмат өтөө мөөнөттөрүнүн жыйындысы;
4) турак жай (тиричилик) комиссиясы - аскер кызматчыларын/кызматкерлерди, алардын үй-бүлө мүчөлөрүн жана кызматтан бошотулган адамдарды турак жайлар менен камсыз кылуу үчүн эсепке алууну жүргүзүү, аларды эсептен чыгаруу, кезектүүлүктү түзүү жана турак жайларды бөлүштүрүү маселелерин, ошондой эле мамлекеттик органдын, анын аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин ведомстволук турак жай фондун пайдалануу маселелерин объективдүү, калыс жана ар тараптуу кароо максатында түзүлүүчү, туруктуу иштеген кеңешүүчү орган;
5) аскер бөлүгүнүн (мекеменин) турак жай фонду - мамлекеттик органдын аскер бөлүгүнүн (мекемесинин) аймагында жайгашкан жана аскер кызматчыларынын/кызматкерлердин, ошол аскер бөлүгүнүн (мекеменин) жумушчуларынын жана кызматчыларынын жашоосу үчүн багытталган ведомстволук турак жай фондунун курамдык бөлүгү;
6) туруктуу турак жай - ведомстволук турак жай фондунун, ошондой эле мамлекеттик турак жай фондунан (ведомстволук турак жай фондуна тиешелүү болбогон), муниципалдык турак жай фондунан бөлүнгөн, эмерек жана телефон байланышы менен камсыздалган, тизмеги мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан аныкталуучу айрым кызмат адамдарынын кызматы боюнча милдеттерин аткаруу мезгилинде кирип жашоосу үчүн багытталган өзүнчө бирдик (жеке үй, көп кабаттуу үйдөгү батир, жатаканадагы/мейманкана тибиндеги үйдөгү бөлмө);
7) үй-бүлө мүчөлөрү - никеде турган жубайлар жана бирге жашаган жашы жете элек балдары, ошондой эле аскер кызматчыларынын/кызматкердин бирге жашаган жашы жеткен балдары, алардын менчигинде турак жай жок болгон учурда.
3. Аскер кызматчыларына/кызматкерлерге берилген кызматтык турак жайларды (жабык аскер шаарчаларында жана жатакана/мейманкана тибиндеги үйлөрдө жайгашкан турак жайларды, туруктуу турак жайларды кошпогондо) менчиктештирүүгө жол берилет.
Мурда республиканын аймагында ведомстволук/муниципалдык турак жай фондунан башка турак жай же болбосо ээлеп турган кызматтык турак жай жайгашкан калктуу конуштун аймагында жеке турак жай куруу үчүн жер участогу менчикке берилген адамдарга (анын ичинде жубайына) ээлеген кызматтык турак жайларын менчиктештирүүгө жол берилбейт.
Жеке турак жай куруу үчүн мурда берилген жер участогу белгиленген тартипте мамлекеттик же муниципалдык менчикке акысыз кайтарылып берилген учурлар аталган шарттарга кирбейт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-декабрындагы № 802 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Аскер кызматчылары/кызматкерлер тарабынан турак жайды менчиктештирүү укугу өмүр бою бир жолу берилет.
5. Мурда турак жайды менчиктештирген же акысыз алган аскер кызматчылары/кызматкерлер эсептен чыгарылат жана турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгон адамдардын эсебине кабыл алынбайт, алар менен аскер кызматчыларын/кызматкерлерди жана жарандарды мамлекеттик турак жай менен камсыздоого байланышкан андан аркы укуктук мамилелер токтотулат.
6. Мамлекеттик турак жай менен камсыздоочу мамлекеттик органдар мурда кызматтык турак жай берилген же болбосо турак жайларды акысыз алган адамдардын так ведомстволук эсебин жүргүзөт.
Аскер кызматчысы/кызматкер бир мамлекеттик органдан экинчисине которулган учурда мурда кызмат өтөгөн жери боюнча турак жайлар менен камсыз болуусу тууралуу маалыматтар, ошондой эле анын жубайынан милдеттүү түрдө суралат.
7. Ведомстволук турак жай фондун эксплуатациялоо, анын сакталышын камсыздоо, турак жайды пайдалануу эрежелеринин сакталышын контролдоо боюнча жалпы иш-чаралар карамагында ведомстволук турак жай фонду турган мамлекеттик органдын батирдик-эксплуатациялык (чарбалык) кызматтары (мындан ары - батирдик-эксплуатациялык (чарбалык) орган) тарабынан жүзөгө ашырылат.
Аскер бөлүктөрүнүн (мекемелердин) турак жай фондун эксплуатациялоо боюнча иш-чаралар аскер бөлүктөрүнүн командирлери (мекемелердин башчылары) тарабынан жүзөгө ашырылат.
8. Турак жай комиссияларынын ишинин тартиби Турак жай (тиричилик) комиссиялары жөнүндө типтүү жобого (токтомдун 2-тиркемеси) ылайык мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан аныкталат.
9. Жабык аскер шаарчаларынын тизмеги карамагында мындай шаарчалар бар мамлекеттик органдардын жетекчилери тарабынан аныкталат.
2-глава. Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгон аскер кызматчыларын/кызматкерлерди эсепке алуу жана эсептен чыгаруу, кызматтык турак жайларды берүү жана пайдалануу
10. Турак жайга муктаж болгондордун кезегинде турган аскер кызматчылары/кызматкерлер жыл сайын кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан турак жайдын же турак жай багытындагы жер участогунун бар/жок экендиги жөнүндө маалымкаттарды жаңылап турат.
101. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматтык турак жай менен камсыз кылынган аскер кызматчылары/кызматкерлер турак жай шарттарын жакшыртуу фактылары тууралуу мамлекеттик турак жай менен камсыз кылуучу мамлекеттик органды жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү. Кабарлоо тиешелүү жагдайлар башталган күндөн тартып 30 календардык күндөн кечиктирбестен тастыктоочу документтерди тиркөө менен жиберилет. Кабарлоону алган мамлекеттик орган 30 календардык күндүн ичинде ушул Жобонун 17-пунктунун 6-пунктчасына ылайык турак жай шарттарын жакшыртуу фактысын кароого милдеттүү.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-декабрындагы № 802 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгон аскер кызматчыларын/кызматкерлерди эсепке кабыл алуу үчүн негиздер, аларды эсепке алуу жана эсептен чыгаруу, кезегин аныктоо жана мамлекеттик турак жайларды берүү, ошондой эле аларды пайдалануу тартиби мыйзамдарга ылайык жана кызматтын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен карамагында ведомстволук турак жай фонду турган мамлекеттик органдын (мындан ары - мамлекеттик орган) чечими боюнча аныкталат.
12. Аскердик кызматтын календардык узактыгы 20 жылды жана андан ашыкты түзгөн, аскердик кызматтан бошотулган учурга карата турак жай менен камсыздалбаган аскер кызматчылары турак жай алууга (турак жай шарттарын жакшыртууга) кезекте тургандардын тизмесинен өзүнүн макулдугусуз чыгарылбайт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык турак жай менен камсыздалат.
Курагы, кызмат өтөгөн жылдары, ден соолугунун абалы, штаттын кыскарышы боюнча кызматтан бошотулган жана 20 жылдан кем эмес кызмат өтөгөн, бошотулган учурга карата турак жай менен камсыздалбаган кызматкер бошотуулардын алдындагы акыркы кызмат өтөгөн жери боюнча турак жай алууга (турак жай шарттарын жакшыртууга) кезекте тургандардын тизмесинен өзүнүн макулдугусуз чыгарылбайт жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык турак жай менен камсыздалат.
13. Аскер кызматчыларына кызмат өтөгөн жери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте турак жайга төлөө боюнча же жекече турак үйдү курууга, жекече турак үйдү (батирди) сатып алууга алынган финансы-кредиттик мекемелердин ипотекалык кредитин төлөө боюнча карызын тындырууга акысыз финансылык жардам көрсөтүлөт, 15 календардык жыл ичинде кынтыксыз жана үзгүлтүксүз аскердик кызмат өтөгөндөргө - 50 пайыз өлчөмүндө, 20 календардык жыл жана андан ашык - 100 пайыз өлчөмүндө.
14. Аскер кызматчыларынын/кызматкерлердин ипотекалык программага катышуусу турак жай менен камсыздоонун альтернативдик укугу катары ыктыярдуу негизде мамлекеттик ипотекалык турак жайга кредит берүү жөнүндө мыйзамдарга жана башка ушул чөйрөдө ишке ашырылуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине ылайык жүзөгө ашырылат.
15. Ипотекалык программанын алкагында тиешелүү келишимдер боюнча турак жайлар менен камсыз болгон, турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгондордун тизмесинде турган аскер кызматчылары/кызматкерлер турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж адамдардын эсебинен чыгарылат жана алар менен аскер кызматчыларын/кызматкерлерди жана аскер кызматынан/укук коргоо органдарындагы кызматтан бошотулган жарандарды мамлекеттик турак жай менен камсыздоого байланыштуу андан аркы укуктук мамилелер, анын ичинде башка калктуу конуштарда башка кызмат (иш) ордуна которгондо турак жайды жалдоо үчүн компенсация укугу токтотулат.
16. Аскер кызматчылары/кызматкерлер кызмат өтөө мезгилинде ипотекалык программага катышкан учурда жана ипотекалык кредитти (зайымды, ссуданы) төлөп бүткөнгө чейин аларга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган өлчөмдө жана тартипте акча каражаттары төлөнүп берилет.
Аталган компенсация ушул эле шарттарда аскер кызматынан/укук коргоо органдарындагы кызматтан дискредитацияланбаган негиздер боюнча запаска/отставкага бошотулган, аскер кызматынын/укук коргоо органдарындагы кызматынын календардык узактыгы 20 жыл жана андан ашыкты түзгөн аскер кызматчыларына/кызматкерлерге ипотекалык кредитти (займды, ссуданы) жабууга чейин төлөнөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-июнундагы № 359, 2025-жылдын 5-сентябры № 562 токтомдорунун редакциясына ылайык)
3-глава. Турак жайдан чыгаруу
17. Аскер кызматчылары/кызматкерлер ээлеген кызматтык турак жайдан аны менен бирге жашаган бардык адамдар менен кошо башка кызматтык турак жай берилбестен төмөнкү учурларда чыгарылат:
1) аскер кызматчысы/кызматкер жана анын үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан кызматтык турак жайды мүлктүк жалдоо келишиминин талаптарын системалык түрдө (эки жолудан көп) сактабаганда жана ушул келишимде каралган башка негиздер боюнча;
2) кызматтык турак жайды максаттуу багыты боюнча колдонбогондо;
3) ал жеткис күчтүн таасиринин натыйжасында жашоо үчүн жараксыз кызматтык турак жайда жашаса;
4) ушул Жобонун 20-пунктунда каралган учурлардан тышкары кызматтык турак жай берилген эмгектик жана ага теңдештирилген мамилелер токтотулганда;
5) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан же Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкон;
6) мурда берилген кызматтык турак жай жайгашкан калктуу конушта аянты боюнча бирдей жана андан чоң турак жайды сатып алуу, анын ичинде жубайы тарабынан жеке менчикке алуу (мыйзам боюнча мурастоо учурларынан тышкары) аркылуу турак жай шарттары жакшыртылган.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-декабрындагы № 802 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Кызматтык турак жай аскер кызматчылардын/кызматкерлердин аскер кызматында/укук коргоо органдарында кызмат өтөгөн мезгилге берилет.
Аскер кызматчыларын/кызматкерлерди андан ары кызмат өтөө үчүн турак жай фонду бар башка жерге же аскер бөлүгүнө жибергенде, аскер кызматчынын/кызматкердин үй-бүлөсү анын мурун аскер кызматында/укук коргоо органдарында кызмат өтөгөн жери боюнча жашап калган, бирок жаңы кызмат өтөгөн жери боюнча башка турак жай берилбеген учурлардан тышкары, мурунку кызмат өтөгөн жери боюнча ээлеген турак жайды үч айлык мөөнөттүн ичинде бошотуп берүүгө тийиш.
19. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-декабрындагы № 802 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
20. Ушул Жобонун 17-пунктунда каралган учурлардан тышкары, башка кызматтык турак жай берилүүсүз кызматтык турак жайдан төмөнкүлөр чыгарылбайт:
1) кызмат өтөгөн мезгилде жарадар болуунун (жаракат, контузия, мертинүү) кесепетинен же андан ары аскер кызматын өтөөгө/укук коргоо органдарында кызмат өтөөгө тоскоол боло турган ооруга чалдыгуунун айынан майып болгон аскер кызматчылары/кызматкерлер;
2) кызмат өтөгөн убагында кызматтык турак жай берилип, кызматтан бошотулган, бирок кызматтык турак жай берген мамлекеттик орган менен эмгек мамилелерин токтотпогон адамдар;
3) жабык аскер шаарчаларында кызматтык турак жайды ээлеген, аскер кызматынын/укук коргоо органдарындагы кызматтын милдеттерин аткарууда курман болгон аскер кызматчыларынын/кызматкерлердин үй-бүлө мүчөлөрү (багуучусун жоготкон үй-бүлөлөр);
4) аскер кызматчыларын дискредитациялабаган негиздер боюнча аскер кызматынан запаска же отставкага бошоткон учурларда жабык аскер шаарчаларында кызматтык турак жайды ээлеген, календардык эсеп менен 20 жыл жана андан көп кызмат өтөгөн аскер кызматчылары, алардын үй-бүлө мүчөлөрү;
5) кызматкерлерди дискредитациялабаган негиздер боюнча кызматтан запаска же отставкага бошоткон учурларда кызматтык турак жайды ээлеген 20 жылдан кем эмес кызмат өтөгөн кызматкерлер, алардын үй-бүлө мүчөлөрү;
6) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-декабрындагы № 802 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-декабрындагы № 802 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Кызматтык турак жайды бузган же кызматтык турак жай турак эмес жайга кайра жабдылган учурда, ошондой эле эгер кызматтык турак жай урап калуу коркунучунда болсо, анда жашаган аскер кызматчыларына/кызматкерлерге жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө башка кызматтык турак жай берилет.
22. Кызматтык турак жайды өзүм билемдик менен ээлеп алган аскер кызматчылары/кызматкерлер жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү, аларга башка кызматтык турак жай берилүүсүз чыгарылат.
4-глава. Турак жайларды менчикке берүү
23. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-декабрындагы № 802 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
24. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-декабрындагы № 802 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
25. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-декабрындагы № 802 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
26. Кызматтык турак жайларды аскер кызматчыларына/кызматкерлерге (мыйзамдарда каралган учурларда аскер кызматчыларынын/кызматкерлердин үй-бүлө мүчөлөрүнө) жеке менчигине тариздөө үчүн батир-эксплуатациялык (чарбалык) органга төмөнкү документтер берилет:
1) рапорт (арыз) (эркин формада);
2) турак жайын мүлктүк жалдоо келишими;
3) кадр органдары (пенсия органдары, аскер комиссариаты) тарабынан берилген жана аскер кызматчысынын/кызматкердин жеке делосунда көрсөтүлгөн маалыматтарга негизделген календардык кызмат өтөө жылы, үй-бүлөсүнүн курамы жана бошотуунун негиздери жөнүндө маалыматты камтыган объективдүү-маалымкат;
4) акыркы беш жылдын ичинде менчигинде болгон турак жайларды ээликтен ажыратуудан улам өзүнүн турак жай шарттарын начарлатууга багытталган жарандык-укуктук аракеттерди жасабаган аскер кызматчысынын/кызматкеринин же анын жубайынын (мыйзамдарда каралган учурларда аскер кызматчысынын/ кызматкердин үй-бүлө мүчөсүнө) менчигиндеги турак жайы бар же жок экендиги жөнүндө кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымдама-маалыматы;
5) аскер кызматчынын/кызматкердин жана жубайынын паспортторунун жана нике тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөлөрү;
6) Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 59-беренесинде, "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинде, "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 72-беренесинде каралган негиздерди тастыктаган башка документтер.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-декабрындагы № 802 токтомунун редакциясына ылайык)
261. "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин он үчүнчү жана жыйырма төртүнчү бөлүктөрүндө, "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 72-беренесинин 7-бөлүгүндө каралган учурларда жеке менчикке өткөрүп берилүүчү мамлекеттик менчикте турган кызматтык турак жайлар, турак жай менчигинде турган мамлекеттик органдын тиешелүү өтүнүчүнүн негизинде мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кызматтык турак жайлардын катарынан чыгарылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-декабрындагы № 802 токтомунун редакциясына ылайык)
27. Кызматтык турак жайларды аскер кызматчыларына/кызматкерлерге менчикке берүү мамлекеттик органдардын чечимдери менен таризделет.
5-глава. Ведомстволук турак жай фондун эсепке алуу
28. Турак жай фонду бар ар бир мамлекеттик органда, аскер бөлүгүндө/мекемеде ведомстволук турак жай фондун эсепке алуу ведомстволук турак жай фондун эсепке алуу китебинде жүргүзүлөт, ага номер коюлат, тигилет, мөөр басылат жана иш кагаздарын жүргүзүү боюнча китептерди эсепке алуу журналында катталат. Жаңы китеп иштелип чыккан учурда, ал мурунку китептин уландысы болуп саналат. Китептин тышында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) мамлекеттик органдын аталышы;
2) китептин аталышы;
3) китептин номери;
4) китептерди эсепке алуу журналында китепти каттоо номери жана датасы;
5) баштоо датасы;
6) барактардын саны.
29. Аскер кызматчысын/кызматкерди турак жайга жайгаштыруу жана андан чыгаруу турак жайды пайдаланууну эсепке алуу карточкасында эсепке алынат. Бир эсепке алуу карточкасы толтурулган учурда жаңысы ачылат, ал биринчисине тиркелет, мурдагы карточканын уландысы катары белгиленет жана туруктуу сактоо мүнөзүнө ээ болот.
Ушул главада көрсөтүлгөн ведомстволук турак жай фондун эсепке алуу китебинде, кызматтык турак жайды пайдаланууну эсепке алуу карточкасында тазалап оңдоого жол берилбейт. Оңдоолор, ошондой эле документтердин негизинде киргизилүүчү өзгөртүүлөр батирдик-эксплуатациялык (чарбалык) органдын жооптуу адамы тарабынан күбөлөндүрүлөт.
30. Батирдик-эксплуатациялык (чарбалык) орган же мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими менен түзүлгөн комиссия кызматтык турак жайларды пайдаланууну жана күтүүнү, ошондой эле анда жашагандардын жашап туруусунун мыйзамдуулугун текшерип турат.
31. Мүлктүк жалдоо келишиминин шарттарын бузуу, берилген кызматтык турак жайда жашабоо, кызматтык турак жайды ижарага/жалдоого берүү фактылары жана батирдик-эксплуатациялык (чарбалык) органдар же болбосо мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими менен түзүлгөн комиссия тарабынан турак жайды максатсыз пайдалануунун башка жагдайлары табылган учурда аныкталган фактылар жөнүндө акт же протокол (эркин формада) түзүлөт.
Көрсөтүлгөн бузуулар жөнүндө турак жай комиссиясы тарабынан кызматтык турак жайды ээлеген аскер кызматчысына/кызматкерге (адамга) табылган бузууларды четтетүү жөнүндө билдирүү берилет. Батирдик-эксплуатациялык (чарбалык) органдар тарабынан бузуулар четтетилбеген учурда турак жай комиссиясына кызматтык турак жайды мүлктүк жалдоо келишимин бузуу жана колдонуудагы мыйзамдардын ченемдерине ылайык чара көрүү жөнүндө маселе киргизилет.