Загрузка документа…
САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Колот айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2022-жылдын 3-августу № 7/ 2
Сары-Колот айыл өкмөтүнүн Курбан-Кара айылындагы «Тажибай -Ата» балдар бакчасынын ата-энелер комитетинен түшкөн билдирүүсүн кароо жөнүндө
Сары-Колот айыл өкмөтүнүн Курбан-Кара айылындагы «Тажибай -Ата» балдар бакчасынын ата-энелер комитетинен түшкөн билдирүүсүн карап чыгып, балдардын ден соолугуна кам көрүү максатында көмөкчү чарбага жер берүү маселесин карап чыгып Сары-Колот айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сары-Колот айыл өкмөтүнүн Курбан-Кара айылындагы «Тажибай-Ата» балдар бакчасына балдардын ден соолугу жана бала бакчанын айрым чыгымдарын толуктап өндүрүү максатында көмөкчү чарбасына айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондунун жеринен караштырып жер берүү жагы айыл өкмөтүнө сунушталсын.
2.Айыл өкмөтүн кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринен тактап бала бакча үчүн жерди ажыратып берүү үчүн юридикалык жагын, мыйзамдуулугун кароо жана жетекчилике алуу жагы айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси жана тиешелүү адистерине милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин курулуш маселелери жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Сары-Колот айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н. Молдоев |