Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-октябрындагы № 620 токтомуна) |
Турак жай (тиричиликтик) комиссиялары жөнүндө ТИПТҮҮ ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Аскер кызматчыларын/кызматкерлерди, алардын үй-бүлө мүчөлөрүн жана кызматтан бошотулган адамдарды эсепке алуу, турак жай менен камсыздоо, аларды эсептен чыгаруу, кезекти түзүү жана турак жайларды бөлүштүрүү, ошондой эле мамлекеттик органдын, анын аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин ведомстволук турак жай фондун пайдалануу, башка социалдык-тиричилик мүнөзүндөгү маселелерди объективдүү, калыс жана ар тараптуу кароо максатында туруктуу негизде иштеген турак жай (тиричиликтик) комиссиялары (мындан ары - турак жай комиссиясы) түзүлөт.
Турак жай комиссиясы өз ишинде мамлекеттик органдын милдеттеринин өзгөчөлүгү менен кошо коомчулуктун ой-пикирин эске алып жана кеңири ачык-айкындуулукту камсыздоо менен бирге турак жай мыйзамдарынын ченемдерин, социалдык адилеттүүлүк принциптерин жетекчиликке алат.
2. Турак жай комиссиясы (эреже катары бештен кем эмес добуш берүүчүнүн санында) мамлекеттик органда жана анын аскер бөлүктөрүндө, мекемелеринде түзүлөт.
Турак жай комиссиясы түзүлүүчү аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелердин тизмегин, ошондой эле мамлекеттик органдын турак жай комиссиясы тарабынан бөлүштүрүү үчүн түзүлүп жаткан турак жай фондунун тизмегин мамлекеттик органдын жетекчиси аныктайт.
3. Турак жай комиссиясы командирлердин (жетекчилердин жана начальниктердин) буйруктары менен, эреже катары төмөнкүдөй курамда түзүлөт:
1) комиссиянын төрагасы;
2) комиссиянын төрагасынын орун басары;
3) комиссиянын катчысы (турак жай-пайдалануу кызматынын өкүлү);
4) комиссиянын мүчөлөрү (эреже катары юридикалык, кадрдык, медициналык, финансылык кызматтардын, тарбиялык иштердин, кесиптик бирликтин (зарылдыгына жараша) өкүлдөрү жана башка кызмат адамдары).
4. Турак жай комиссиясы кабыл алуучу негизги документ болуп протокол эсептелет.
2-глава. Турак жай комиссияларынын негизги милдеттери, функциялары жана укуктары
5. Турак жай комиссияларынын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) аскер кызматчыларын/кызматкерлерди турак жай менен камсыздоо маселелерин кароо;
2) турак жайларды бөлүштүрүү маселелери боюнча чечимдерди кабыл алууда мыйзамдуулукту, адилеттүүлүктү, өз убагында чечим кабыл алууну жана айкындуулукту камсыздоо;
3) турак жай менен камсыздоо маселелери боюнча аскер кызматчыларынын/кызматкерлердин суроо-талаптарына жоопторду даярдоо;
4) бөтөн адамдарга жетүү мүмкүнчүлүгү жок жерлерде кезектегилердин тизмесин жайгаштыруу;
5) аскер кызматчыларынын/кызматкерлердин башка социалдык-тиричилик маселелерин чечүү.
6. Жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу үчүн турак жай комиссиялары төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж адамдардын тизмесин түзүү жана бекитүү;
2) турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж адамдардын тизмесине кошуу, кезегин которуу жана тизмеден алып салуу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
3) турак жайларды бөлүштүрүү (кайра бөлүштүрүү) маселелери боюнча чечимдерди кабыл алуу;
4) жазуу жүзүндөгү кайрылуулар боюнча аскер шаарчасынын алкагында турак жайларды алмаштыруу жөнүндө чечим кабыл алуу;
5) батир эксплуатациялоону камсыздоо органдары же аскер комиссариаттары түзгөн турак жай шарттарын изилдөө актыларын кароо;
6) турак жай маселелери боюнча аскер кызматчыларынын/кызматкерлердин кайрылууларын кароо;
7) мамлекеттик же муниципалдык фонддун турак жайларын аскер кызматчыларына/кызматкерлерге берүү менен байланышкан маселелерди чечүүдө аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү;
8) Кыргыз Республиканын мыйзамдарына жана мамлекеттик органдардын ведомстволук актыларына ылайык башка функцияларды ишке ашыруу.
7. Милдеттерди жана функцияларды ишке ашырууда турак жай комиссиясы төмөнкүлөргө укуктуу:
1) аскер кызматчыларынан/кызматкерлерден зарыл документтерди сурап алууга;
2) зарыл документтер берилгенге чейин же маселени кошумча жеке тартипте изилдөө үчүн чечим кабыл алууну кийинкиге калтырууга;
3) маселелерди арыз ээсинин катышуусунда кароого;
4) объективдүүлүктү камсыздоо максатында турак жайларды бөлүштүрүүдө техникалык каражаттарды (лототрондорду) колдонууга;
5) зарыл учурда өтүнмө ээлеринин турак жай шарттарын изилдөөгө;
6) аскер кызматчылары/кызматкерлер берген документтерде камтылган маалыматтардын толуктугун жана аныктыгын текшерүүгө;
7) зарыл корутундуларды берүү үчүн тийиштүү уюмдардын адистерин тартууга;
8) берилген маалыматтарды ырастоо үчүн тийиштүү уюмдардан жана мамлекеттик органдардан зарыл болгон документтерди суроого.
3-глава. Турак жай комиссиясынын жыйналыштарын уюштуруу
8. Турак жай комиссиясынын жыйналыштары төмөнкүдөй өткөрүлөт:
1) зарылдыгына жараша же турак жай комиссиясынын төрагасынын сунушу боюнча;
2) бардык кызыкдар адамдарды милдеттүү түрдө алдын ала маалымдоо менен;
3) турак жай комиссиясынын төрагасы аныктаган тийиштүү убакта (орунда).
Жыйналышка турак жай комиссиясынын 3/2ден ашык курамы катышса, мыйзамдуу болуп эсептелет. Мында жыйналыштарда турак жай комиссиясынын төрагасынын чечими боюнча аудио- жана/же видео жазуу жүргүзүлүшү мүмкүн.
9. Турак жай комиссиясын төрага жетектейт, ал комиссиянын ишин уюштурат жана жетектейт, өз компетенциясынын алкагында комиссиянын бардык мүчөлөрү үчүн милдеттүү болгон тапшырмаларды жана көрсөтмөлөрдү берет, турак жай комиссиясынын жыйналышын алып барат.
Төрага жок болгон учурда анын функциясын турак жай комиссиясынын төрагасынын орун басары аткарат.
10. Билдирмелерди жана ага тиркелүүчү документтерди турак жай комиссиясынын катчысы кабыл алат. Билдирмелер, тиркелген документтер, журналдар жана турак жай комиссиясынын чечимдери турак жай комиссиясынын катчысы дайындалган түзүмдүк бөлүмдүн иш кагаздарында сакталат.
11. Турак жай комиссиясынын жыйналыштарын өткөрүүнү камсыздоо үчүн анын катчысы төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) турак жай комиссиясынын жыйналышынын күн тартибин, анын ичинде турак жай комиссиясынын төрагасынын жана мүчөлөрүнүн сунуштары боюнча даярдоого;
2) күн мурун, бир суткадан кечиктирбестен анын бардык мүчөлөрүнө, ошондой эле жыйналышка чакырылган башка адамдарга турак жай комиссиясынын жыйналышын өткөрүү датасы, убактысы жана орду жөнүндө маалымдоого;
3) турак жай комиссиясынын төрагасына, мүчөлөрүнө жана жыйналышка катышкан башка адамдарга аларды кароо күн тартибине киргизилген материалдарды билдирүүгө;
4) турак жай комиссиясынын жыйналышынын протоколун түзүүгө.
12. Турак жай комиссиясынын чечимдери күн тартибинин ар бир маселеси боюнча көпчүлүк добуш менен кабыл алынат.
Добуштар тең болгон учурда турак жай комиссиясынын төрагасынын добушу чечүүчү болуп эсептелет. Добуш берүүдө турак жай комиссиясынын ар бир мүчөсү бир добушка ээ болот. Добуш берүү ачык жүргүзүлөт. Турак жай комиссиясынын чечимин сырттан добуш берүү аркылуу кабыл алууга жол берилбейт.
Турак жай комиссиясынын катчысы чечим кабыл алууда добуш берүү укугуна ээ эмес.
Жүйөлүү себептер боюнча жыйналышка катышпаган турак жай комиссиясынын мүчөсү жыйналыш башталганга чейин каралуучу маселелер боюнча өз пикирин жазуу жүзүндө баяндоого укуктуу, аны турак жай комиссиясынын катчысы жарыялайт, добуш берүүдө ал эске алынат жана протоколго тиркелет.
13. Турак жай комиссиясынын чечими протокол менен таризделет, ага турак жай комиссиясынын төрагасы жана катышкан бардык мүчөлөрү өз позицияларына ылайык кол коет, ошондой эле кызыкдар адамдарды милдеттүү түрдө тааныштыруу менен парафирленет (акыркы барактан тышкары, ар бир барактын арткы бетине кол коюлат).
14. Турак жай комиссиясынын кабыл алынган чечимине макул болбогон учурда турак жай комиссиясынын мүчөлөрү милдеттүү түрдө жыйналыштын протоколуна тиркелүүгө тийиш болгон өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө баяндоого тийиш.
15. Турак жай комиссиясынын жыйналышынын протоколу жыйналыш өткөрүлгөндөн кийин 3 күндүк мөөнөттө таризделет, андан кийин мекеменин начальнигине бекитүүгө жиберилет.
16. Турак жай комиссиясынын протоколунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) протоколдун датасы жана номери;
2) турак жай комиссиясынын катышкан мүчөлөрү;
3) күн тартиби; турак жай комиссиясынын төрагасынын жана мүчөлөрүнүн, ошондой эле өтүнмө ээлеринин (зарылдыгына жараша) пикирлери жана сүйлөгөн сөздөрү;
4) ар бир каралуучу маселе боюнча турак жай комиссиясынын чечими;
5) макул же каршы добуш бергендердин саны;
6) ар бир каралуучу маселе боюнча турак жай комиссиясынын мүчөлөрүнүн өзгөчө пикири (болсо).
17. Комиссиянын катчысы өтүнмө ээсине турак жай комиссиясы кабыл алган чечим жөнүндө он күндүн ичинде жазуу жүзүндө маалымдайт.
Аскер кызматчылары/кызматкерлер турак жай комиссиясынын чечимине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даттанууга укуктуу.