Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 11-майындагы № 13/1
Кызыл-Жар айыл аймагынын Терек, Коо-Чаты, Күйө-Таш, Кайын-Талаа айылдарынын калкын жакынкы жана алыскы жайыттарга көчүрүү мөөнөтүн белгилөө жөнүндө
Кызыл-Жар айыл аймагынын ар бир айылында көчүп конуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, элдик жыйындар өткөрүлүп протоколдун негизинде күндөрү жана айдоо аянттарга түшкөнбодо малдардын жана жандыкка байланган айып пулдары белгиленгендиги боюнча Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Абдизази уулу Бактыбекдин маалыматын угуп жана талкуулап Кызыл-Жар айылдык Кенеши токтом кылат
1. Кызыл-Жар айыл аймагынын Терек, Коо-Чаты, Күйө-Таш, Кайын-Талаа айылдарынын калкын жакынкы жана алыскы жайыттарга көчүрүү мөөнөтүн 25-июндан алыскы жайытка көчүп чыгуусун, Күйө-Таш менен Кайың-Талаа айылдарынын тургундарын алыскы чөп орундуга жакын жайгашкан Кулданбес, Сары- Ала жайлоолоруна 10-августан көчүп чыгуу жагы каралсын.Көчүп келүүсү 15 – сентябрда көчүп келүү жагы белгиленсин.
2. Кызыл-Жар айыл аймагынын жакынкы жана алыскы жайыттарды пайдалануу боюнча түшүндүрүү иштерин жакындан, жүргүзүү жагы Терек, Коо-Чаты, Күйө-Таш, Кайын-Талаа айылдарынын айыл башчыларына милдеттендирилсин ( К.Ажибаев, К.Шералиев, К.Бакиев, У.Артыков).
3. Айдоо аянттарына жана чөп орундуларга түшкөн малдарга, салынуучу айып пулдар айдоо аянтка түшкөн малды, жеринен сүрөткө тартып, видеосу менен айдап келип камоо жагы корукчуларга жүктөлсүн жана 15-сентябрга чейин көчүп келген тургундарга төмөндөгүдөй айып пул бекитилсин.
1. Бодо малга айдоо аянттарга түшсө 500 сомдон бир башга;
2. Жандыкка 100 сомдон бир башга;
3. Чөп орундуларга түшкөн бодо малдарга 300 сомдон бир башга.
4. Жайлоодон токтомдо көрсөтүлгөн убактан эрте көчүп келген тургундарга 50 000 (элүү миң) сом өлчөмүндө айып пул салынсын.
4. Жогорудагы бекитилген айып пулдарды корукчуларга өндүрүп берүү жагы айылдардын айыл башчыларына жүктөлсүн ( К.Ажибаев, К.Шералиев, К.Бакиев, У.Артыков).
Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин төрайымы | Г.Т.Эрматова |