Загрузка документа…
САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Колот айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2022-жылдын 3-августу № 7/ 3
Сары-Колот айыл аймагынын Шерали айылына жаны мектеп куруу үчүн жер тилкесин кароо боюнча Шерали айылынын айыл башчысынын билдирүүсүн кароо жөнүндө
Сары-Колот айыл аймагынын Шерали айылындагы мектептин авариялык абалга келип эскилиги жеткендигине байланыштуу жаны мектеп имаратын курууга жер аянтын берүү максатында Сары-Колот айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сары-Колот айыл аймагынын Шерали айылындагы №634 контурунда жайгашкан 1.50 га кайра бөлүштүрүү фондунун жерин жаны мектеп имаратын куруу үчүн берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына сунушталсын.
2.Айыл өкмөтүнүн кайра балүштүрүү фондунан бериле турган 1.50 га жер аянтынын берилүүсүнүн мыйзамдуулугу каралып, максаттуу пайдалануусу камсыздандырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин курулуш мекемелери жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Сары-Колот айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н. Молдоев |