Редакцияот 16.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Айылдык кеңешинин 3-кезексиз сессиясы

2024-жылдын 16-апрели № 16

Муниципалдык менчиктеги жер тилкесин сатууга макулдук берүү жөнүндө

Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековдун маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 34-беренесине, Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 20-мартындагы №4 токтому менен бекитилген айылдык кеңештин иш Реламентинин 2-бөлүмүнө ылайык

Айылдык кеңеш токтом кылат :

1. Мин-Булак айыл өкмөтүнө Садовое айылынын Кавказская н/ж дарегинде жайгашкан жалпы аянты 260,0м2 түзгөн муниципалдык менчиктеги жер тилкесин сатууга макулдук берилсин.

2. Миң-Булак айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тоорук өткөрсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековко жүктөлсүн.

 

Төрага

 

Саркулов Б.К.