Загрузка документа…
САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Колот айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2022-жылдын 3-августу № 7/ 4
Сары-Колот айыл өкмөтүнүн Ак-Колот айылынын тургундарынан келип түшкөн билдирүүсүн кароо жөнүндө
Сары-Колот айыл аймагынын Ак-Колот айылынын ата-энелеринин суроо талаптарынын, кайрылууларын эске алып, мектеп жашына чейинки балдарга билим- тарбия берүү максатында айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкери жана этика комиссиясынын чечимдерин угуп,талкуулап Сары-Колот айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сары-Колот айыл аймагынын Ак-Колот айылынын ата-энелеринин суроо-талаптарын канааттандыруу максатында 2 тайпага ылайыкташтырылган 60 орундуу үй шартында (айылдын тургуну ЖеенбаевТаалайбектин бош турган үйүндө) бала бакча ачууга уруксат берилсин.
2.Ак-Колот айылында үй шартында бала бакчага чыгымдалуучу чыгымдар эки тараптуу келишимге ылайык жүргүзүлсүн.
3. Ак-Колот айылындагы ачыла турган бала бакча үчүн штат бирдиктерин чечип берүү жагы Кара-Суурайондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин «Жаштар иштери, спорт, социалдык-маданий, билим берүү, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо жана маданият боюнча» туруктуу комисссиясына жүктөлсүн.
Сары-Колот айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н. Молдоев |