Загрузка документа…
САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Колот айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2022-жылдын 3-августу № 7/ 5
Сары-Колот айылөкмөтүнүн Курбан-Кара айылынын тургуну Чутбаев Замирдин билдирүүсүн кароо жөнүндө
Сары-Колот айылөкмөтүнүн Курбан-Кара айылынын тургуну Чутбаев Замирдин билдирүүсүн угуп, талкуулап Курбан-Кара айылынын элинин инфраструктурасын көтөрүү, социалдык обьектилерди куруу максатында Сары-Колот айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сары-Колот айыл аймагынын Курбан-Кара айылынын тургуну Чутбаев Замирге 0,10 га жер тилкесине социалдык обьекттер күндөлүк товар сатуу үчүн дүкөн курууга мыйзамдуулугун карап, жерин тактап уруксат берүү жагы Сары-Колот өкмөтүнүн жетекчилигине сунушталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин курулуш мекемелери жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Сары-Колот айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н. Молдоев |