МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айылдык кеңешинин 3-кезексиз сессиясы
2024-жылдын 16-апрели № 17
Миң-Булак айыл аймагындагы №184, 186-контурларындагы жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынын “жайыттар” жер түрүнөн “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынын “курулуш астында” жер түрүнө которууга макулдук берүү жөнүндө
Миң-Булак айыл өкмөтү менен дайындалган Миң-Булак айыл аймагындагы №184, 186-контурларындагы “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясындагы “жайыттар” жер түрүнө караштуу жалпы аянты 1,9 га жер тилкесин которуу боюнча материалдарын карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамына ылайык:
Айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Миң-Булак айыл аймагынын №184, 186-контурларында жайгашкан “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясындагы “жайыттар” жер түрүнө караштуу жерлерин “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынын “курулуш астында” жер түрүнө, максаттык багыты кичи фермаларды куруу үчүн жалпы аянты 1,9 га жер тилкесин которууга макулдук берилсин.
2. Миң-Булак айыл өкмөтү ушул жер тилкесин муниципалдык менчикке бекитип конкурс жолу менен ижарага 20(жыйырма) жылга чейин берсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековко жүктөлсүн.
Төрага |
| Саркулов Б.К. |