Загрузка документа…
САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Колот айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2022-жылдын 3-августу № 7/6
Сары-Колот айыл өкмөтүнүн ФЭБүнүн башчысы Б.Орозбаеванын билдирүүсү жөнүндө
Сары-Колот айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Орозбаеванын билдирүүсүнүн негизинде айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнө 2022-жылдын 6 айынын жыйынтыгында салыктардын түрлөрүнөн ашыкча түшкөн акча каражатын статьялар боюнча бөлүштүрүп иштетүүгө уруксат берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп,талкуулап Сары-Колот айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сары-Колот айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнө салыктардын түрлөрүнөн ашыкча түшкөн 1000,0 (бир млн.) сом акча каражатын төмөндөгүдөй статьяларга бөлүп иштетүүгө уруксат берилсин.
2. Аппарат бөлүмүнүн 2214 статьясына 100,0 миң сом, 2221 статьясына 177,3 миң сом, 3112 статьясына 77,0 миң сом.
3.ЖКХ бөлүмүнүн 2215 статьясына 195,7 миң сом.
4.Билим берүү бөлүмүнүн 3111 статьясына 400,0 миң сом, 2221 статьясына 50,0 миң сом, жалпысы 1000,0 млн.сом.
5.Сары-Колот айыл өкмөтүнүн кызматтык авто унаасынын тетиктерине кетчү чыгымдарына 100,0 (жүз миң ) сом, айыл өкмөттүн кышка карата ремонт иштерине 177,3 (бир жүз жетимиш жети миң үч жүз ) сом, айыл өкмөттөгү эшиктерди жана прожектор светтерин алмаштырууга 77,0 (жетимиш жети миң) сом.
6. Айыл өкмөткө тиешелүү документ иштерди бүтүрүүгө жана лозунг баннер жасатууга 195,7 (бир жүз токсон беш миң жети жүз) сом.
7.Сары-Колот айыл аймагынын Присавай айылындагы №128-негизги мектебинин 2022-2023-жылдарга окуу мезгилине карата мектептин азыркы учурда айнек терезесин алмаштырууга муктаждыгын эске алып, айыл өкмөтүнун бюджетинен 400,0 (төрт жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин. Курбан-Кара айылындагы Н.Исанов орто мектебинин от казанын ремонт кылууга 50,0 (элүү миң) сом.
8.Бөлүнгөн каражатты туура жана максатуу пайдалануусун көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысына жүктөлсүн.
9.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин «Жаштар иштери, спорт, социалдык-маданий, билим берүү, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо жана маданият боюнча» туруктуу комисссиясына жүктөлсүн.
Сары-Колот айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н. Молдоев |