КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 25-сессиясынын
2023-жылдын 31-мартындагы № 25/2
Кара-Суу айыл аймагынын тургундарынын төрт түлүк малын 2023-жылга жазында жайлоого чыгаруу, күзүндө көчүп келүү графиги жана баккан мал үчүн, бадачылардын эмгек акыларын бекитүү жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын тургундарынын төрт түлүк малын 2023-жылга жазында жайлоого чыгаруу, күзүндө көчүп келүү графиги жана баккан мал үчүн, бадачылардын эмгек акылары боюнча Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Садыковдун сунушун угуп жана талкуулап Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.1. Кара-Суу айыл аймагынын тургундарынын төрт түлүк малын жайлоого алып чыгып багып келүүдө, мал баккан бадачылардын эмгек акылары төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
-Кой, козу. 1 башка, 60 (алтымыш) сомдон.
-Эчки, улак. 1 башка 60 (алтымыш) сомдон.
-Уй, торпок. 1 башка 500 (беш жүз) сомдон (саандарына мал ээси менен бадачынын макулдашуусу).
-Жылкы, тай. 1 башка 500 (беш жүз) сомдон (саандарына жана мингичтерине мал ээси менен бадачынын макулдашуусу).
1.2. Кара-Суу айыл аймагынан башка, сырттан келген малдардын жайыт акысы жергиликтүү баадан 2,5 (эки жарым) эсе көп алынсын.
2.1. Кара-Суу айыл аймагынынын тургундарынын төрт түлүк малын багуучу бадачыларга 2023-жылдын 20-апрель күнүнөн калбай жайыттарга көчүү жагы эскертилсин.
2.2. Жар-Таш жана Ийри-Суу жайытындагы төрт түлүк малын багуучу бадачыларга 2023-жылдын 20-май күнүнөн калбай жайыттарга көчүү жагы эскертилсин.
3. Айдоо аянт жерлеринин корук иштери 2023-жылдын 20-апрель күнүнөн башталсын. Малды корук айдоо аянттарына жайган атуулдарга 1(бир) баш кой-эчкиге (козу, улак) дебей – 60 (алтымыш) сомдон, 1(бир) баш бодо малга (тай, торпок) дебей 500 (беш жүз) сом айып пул белгиленсин.
4. Жайлоодон төрт түлүк малды 2023-жылдын 1-октябрынан эрте көчүрүп түшүргөн бадачыларга 1(бир) баш кой-эчкиге (козу, улак) дебей -60 (алтымыш) сомдон, 1(бир) баш бодо малга (тай, торпок) дебей 500 (беш жүз) сомдон айып салынаары эскертилсин.
5. Бул токтомду жетекчиликке алып аткаруу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Садыковго милдеттендирилсин.
Төрага |
| К. Сапарбек уулу |