КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 25-сессиясынын
2023-жылдын 31-мартындагы № 25/4
Кара-Суу айыл аймагында айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын уставын кабыл алуу жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагында айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын уставын кабыл алуу боюнча, Кара-Суу айыл аймагынын АКИАнын аткаруу комитетинин төрагасы Р. Өмүрбек уулунун сунушун угуп жана талкуулап Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Суу айыл аймагында айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын уставы катталсын.
2. Кара-Суу айыл аймагынын АКИАнын аткаруу комитетинин төрагасы Р.Өмүрбек уулу жыл сайын аткарылган иштери боюнча отчетун айылдык Кеңешке берип турсун.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин укук сактоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, социалдык маселелер жана коомдук бирикмелер менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясыына милдеттендирилсин.
Төрага |
| К. Сапарбек уулу |