КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Аксы районунун Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги жыйырманчы сессиясынын
2023-жылдын 30-июнундагы № 20-2
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2023-жылдын киреше бөлүгүнө жана Калктуу конуштарда жер ижара үчүн акы салыгына, кошумча кирешени планга киргизүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2023-жылдын киреше бөлүгүнө жана калктуу конуштарда жер ижара үчүн акы салыгына, кошумча кирешени планга киргизүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Т.Арстанбаевтин билдирүүсүн, айылдык кеңешинин бюджет-финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, сессия токтом кылат:
1. 2023-жылга кошумча түшүүчү, Салык агенти төлөөчү киреше салыгы-11111100, 300,0 (үч жүз миң) сом, калктуу конуштарда жер ижара үчүн акы салыгы-14152100, 50,0 (элүү миң) сом акча каражаттарын 2023-жылдын планына киргизип 2023-жылдын планына коюп берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Аксы башкармалыганан суралсын.
2. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн кошумча киреше жана 350,0 (үч жүз элүү миң) сом акча каражаты төмөндөгү тартипте: Кызыл-Туу айылынын Батырбек көчөсүндө курулуп жаткан спорт залынын имаратына курулуш материалдарды алып берүү үчүн 70111-(башкаруу апараты) разделинин 22221200-(учурдагы чарбалык максаттар үчүн башка предметтерди жана материалдарды сатып алуу) беренесине 350,0 (үч жүз элүү миң) сом акча каржаты олтургузулсун.
3. Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн жана аткарылышы боюнча, айылдык Кеңешинин бюджет-финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына билдирүү берип туруу жагы, айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Т.Арстанбаевке милдеттендирилсин.
4. Аталган токтомду расмий kуzуl-tuu.gos.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык Кеңешинин катчысы Ж.Шайдиевага жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңешинин бюджет-финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Д.Арстанбековго тапшырылсын.
6. Токтом расмий сайтка жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага |
| Б.Төрөбеков |