КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Аксы районунун Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз жыйырма биринчи сессиясынын
2023-жылдын 21-июлундагы № 21-3
Жылгын айылындагы эски мектептин имаратын бузуу жөнүндө
Кызыл-Туу айылдык Кенешинин социалдык,билим берүү жана маданият маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун жана Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Алимбековдун 21-июнь 2023 –жылындагы № 89-б буйругунун негизинде түзүлгөн комиссиясынын 2023-жылдын 13-июлундагы актысынын негизинде, сессия
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Кызыл-Туу айыл аймагындагы Жылгын айылындагы эски мектептин имаратын бузууга уруксат берилсин.
2. Жарактуу курулуш материалдары Жылгын айылындагы мечитке жана курулуп жаткан күрөш залына иштетилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенешинин социалдык,билим берүү жана маданият маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5. Аталган токтомду расмий kуzуl-tuu.gos.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы, айылдык Кеңешинин катчысы Ж.Шайдиевага жүктөлсүн.
6. Токтом расмий сайтка жарыялангандан баштап күчүнө кирет.
Төрага |
| Б.Төрөбеков |