Загрузка документа…
САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Колот айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2022-жылдын 9-ноябры № 8/1
Сары-Колот айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси З. Реджаповдун билдирүүсүн кароо жөнүндө
Сары-Колот айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси З Реджаповдун билдирүүсүнүн негизинде Сары-Колот айыл аймагынын жарандарынын жер участкасына болгон муктаждыгын жоюу максатында билдирүүнү угуп, талкуулап Сары-Колот айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Колот айыл аймагынын мурдагы 1987-1994-жылдар аралыгындагы иштелип калган башкы пландагы жерлердин жарандарга берилбей бош калган жерлерин , мыйзамсыз курулуп калган курулуштар жайгашкан жер аянттарын, № 904, 916, 917 контурларындагы башкы планга «Калктуу конуш» болуп кирип калган жер аянттары калктуу конуш болуп калгандыгына байланыштуу, жарандардын жерге болгон муктаждыгын жана жер аянттарынын тартыштыгын эске алуу менен жер участогунун аянтын жердин кыртышына карап «0,05» жана «0,06»га өлчөмүндө берилсин.
2. Бул токтомдун мыйзамдуулугун карап, көзөмөлдөө жагы Сары-Колот айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси З. Реджаповго жүктөлсүн.
Сары-Колот айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н. Молдоев |