Загрузка документа…
САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Колот айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2022-жылдын 9-ноябры № 8/4
Сары-Колот айыл аймагындагы бардык айылдарындагы жергиликтүү тургундары менен болгон жыйындын чечими менен катуу таштанды калдыктарын ташып чыгаруунун бааларын (тарифтерин) бекитүү жөнүндө
Сары-Колот айылдык кеңешинин депутаттары күн тартибиндеги маселени карап, Сары-Колот айыл аймагындагы бардык айылдарындагы жергиликтүү тургундары менен болгон жыйындын чечими менен катуу таштанды калдыктарын ташып чыгаруу үчүн төлөнүүчү төлөмдөрүн (тарифтерин) бекитүү жөнүндө элдик жыйындын протоколунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сары-Колот айыл аймагындагы бардык айылдарындагы жергиликтүү тургундары менен болгон 2022-жылдын 25-октябрындагы жыйындын чечими менен катуу таштанды калдыктарын ташып чыгаруу ар бир капка 37 (отуз жети) сомдон деп белгиленсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жаштар иштери, спорт, социалдык- маданий, билим берүү, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо жана маданият боюнча комиссиясынын төрайымы Абдиева Бактыгүлгө жүктөлсүн.
Сары-Колот айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н. Молдоев |