Загрузка документа…
САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Колот айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2022-жылдын 9-ноябры № 8/5
Сары-Колот айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси Т.Джунусовдун 2023-жылдын 4-ноябрь айындагы «Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө» КР Президентинин №305 Жарлыгын аткаруу боюнча типтүү эрежелерин бекитип берүү жөнүндөгү билдирүүсүн кароо жөнүндө
Сары-Колот айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси Т. Джунусовдун 2023-жылдын 4-ноябрь айындагы «Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө» КР Президентинин №305 Жарлыгын аткаруу боюнча типтүү эрежелерин бекитип берүү жөнүндөгү билдирүүсүн карап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Сары-Колот айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сары-Колот айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси Т.Джунусовдун 2023-жылдын 4-ноябрь айындагы «Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө» КР Президентинин №305 Жарлыгын аткаруу жөнүндөгү типтүү эрежеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин №305 Жарлыгынын аткарылышы айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси Т. Джунусовго жүктөлсүн.
Сары-Колот айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н. Молдоев |
| Сары-Колот айылдык кеңешинин 2022-жылдын11-ноябрындагы №8/5 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы
“Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик
калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча
Сары-Колот айыл өкмөтүнүн иш аракеттер
ПЛАНЫ
№ | Иш чаранын аталышы | Аткаруу мөөнөтү | Аткарууга жооптуулар |
1 | Тиричилик калдыктарын, анын ичинде катуу тиричилик калдыктарын чогултуу, чыгаруу боюнча кызмат көрсөткөн “Тазалык” муниципалдык ишканасынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо. | 2023-жыл жыл ичи | Айыл өкмөтү |
2 | “Тазалык” муниципалдык ишканасынын калктын тиричилик калдыктарын, анын ичинде катуу тиричилик калдыктарын чогултуу, чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу,төлөм тартибин бекитүү, санитардык тазалоо иштерин өз убагында кызмат көрсөтүүсүнүн сапатын жогорулатуу | Ар дайым | Айыл өкмөтү, Тазалык мун.ишканасы |
3 | Тиричилик калдыктарын белгиленбеген жерлерге таштабоо жаатында калк арасында, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү | Ар дайым | Айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери |
4 | Катуу тиричилик калдыктарын жайгаштыруу ( таштоо) боюнча жайларды жабуу, калдыктарды өндүрүүчүлөрдүн өздөрү тарабынан калдыктарды иштетүү боюнча чыгымдарды “булгоочу төлөйт” принцибин киргизүү боюнча чараларды көрүү | 2023-жыл | Айыл өкмөтү, жергиликтүү кеңеши менен макулдашуу иретинде |
5 | Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерин жүргүзүү | Февраль-Май | Сары-Колот а.ө |
6 | Мекеме-ишканалардын имараттарын оңдоо-түзөө | 2023-жыл | Мекеме ишканалар. |
7 | Мекеме-ишканалардын имараттарынын айланасына гүлзарларды эгүү (11 имаратка) | Март-Май | Сары-Колот а.ө жана мекеме иш каналардын кызматчылары |
8 | Көчөлөрдү, жөө жолдорду оңдоо, тазалоо, иретке келтирүү ,жол боюнда өскөн тикендерди ордуруу | 2023-жыл | Сары-Колот а.ө |
9 | Арыктарды жана каналдарды тазалоо | 2023-жыл | Сары-Колот а.ө |
10 | Тосмолорду, кашаларды оңдоо, орнотуу | Март-Май | Сары-Колот а.ө |
11 | Жол коопсуздугу боюнча жол боюндагы стандарттуу белгилерди жаңылоо жана жаңыдан орнотуу зебра жасоо. | Июль-июнь | ДЭП жа Сары- Колот а.ө |
12 | Жол боюна айылдардын аталыштарын, насаат-накыл сөздөрдү камтыган жана 2023-жылдын аталышы боюнча көрнөктөрдү илүү | 2023-жыл | Сары-Колот а.ө |
13 | Ишембиликке катышкан мекеме-уюмдарды,катышкан жарандарды ишембиликтерди уюштуруу үчүн эмеректер менен камсыздоо | 2023-жыл | Сары-Колот а.ө |
Башкы адис: | Т.Джунусов |