Загрузка документа…
САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Колот айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2022-жылдын 3-декабры № 9/1
Сары-Колот айыл өкмөтүнүн ФЭБүнүн башчысы Б.Орозбаеванын билдирүүсү жөнүндө
Сары-Колот айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Орозбаеванын билдирүүсүнүн негизинде айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнө 2022-жылдын 9 айынын жыйынтыгынын негизинде салыктардын түрлөрүнөн ашыкча түшкөн акча каражатын статьялар боюнча бөлүштүрүп иштетүүгө уруксат берүү жөнүндөгү билдирүүсүнүн негизинде Сары-Колот айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сары-Колот айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнө салыктардын түрлөрүнөн ашыкча түшкөн 1700,0 (бир млн жети жүз миң) сом акча каражатын төмөндөгүдөй статьяларга бөлүп иштетүүгө уруксат берилсин.
2. Аппарат бөлүмүнүн 2232 статьясына 3,5 миң сом.
3. ЖКХ бөлүмүнүн 2215 статьясына 80,0 миң сом.2221 статьясына 250,0 миң сом.
4. Билим берүү бөлүмүнүн 2218 статьясына 55,2 миң сом, 2222 статьясына 400,0 миң сом, 2232 статьясына 179,2 миң сом, 2224 статьясына 225,0 миң сом 3112 статьясына 157,1 миң сом.
5. Социалдык камсыздоо бөлүмүнүн 2721 статьясына 150,0 миң сом.
6.Маданият бөлүмүнүн 2215 статьясына 200,0 миң сом, жалпысы 1 млн 700 миң сом.
7. Сары-Колот айыл өкмөтүндөгү таза сууга 3,5 миң сом.
8.Айыл өкмөтүнө тиешелүү ишкагаздарын бүтүрүүгө 80,0 миң сом, түнкү жарыктандырууну оңдоого 130,0 миң сом, көчөдөгү аялдамаларды оңдоп түзөөгө 120,0 миң сом.
9.Айыл өкмөтүнө караштуу Тойчу айылындагы “Сейтек” балдар бакчасынын күнүмдүк тамак ашына 55,2 миң сом, көмүр алуусуна 105,0 миң сом, билим берүү тармагына 7 мектепке жаңы үлгүдөгү конгуроо орнотууга 400,0 миң сом, таза сууга 179,2 миң сом, Тынчтык айылындагы С. Бекмуратов негизги мектебине кошумча от казан коюлгандыктан көмүр сатып алуу 120.0 миң сом, билим берүү тармагына мектептерге генератор сатып алууга 157,1 миң сом.
10.Социалдык камсыздоо боюнча аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көмүр менен камсыз кылуу үчүн 150,0 миң сом.
11.Маданият бөлүмүнө спорттук иш чара өткөрүүгө 200,0 миң сом.
12.Сары-Колот айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетинде каралып, бирок кээ бир статьяларында үнөмдөлгөн акча каражатын статьяларга бөлүп иштетүүгө уруксат берилсин.
13.70111 бөлүмүнүн 3112 статьясына 100,0 миң сом, 70629 бөлүмүнүн 3111 статьясынан 100,0 миң сом, жалпысы 340, 0 миң сомду муктаждыктарга байланыштуу Сары-Колот айыл өкмөтүнө караштуу Тойчу айылындагы “Сейтек” балдар бакчасына имаратка ижара акы төлөөгө 40,0 миң сом, 70911 бөлүмүнүн 2213 статьясына, Сары-Колот айыл өкмөтүнө караштуу жол боюндагы щиттерди, баннерлерди жаңылоого 300,0 миң сомду 70926 бөлүмүнүн 2222 статьясына жылдырып иштетүүгө уруксат берилсин.
14.Бөлүнгөн каражатты туура жана максатуу пайдалануусун көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБүнүн башчысына жүктөлсүн.
15. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин «Жаштар иштери, спорт, социалдык-маданий, билим берүү, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо жана маданият боюнча» туруктуу комисссиясына жүктөлсүн.
Сары-Колот айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н. Молдоев |