Загрузка документа…
САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Колот айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2022-жылдын 3-декабры № 9/2
Сары-Колот айыл аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерине торук өткөрүү үчүн комиссиянын курамын жана баштапкы баасын бекитүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-сентябрындагы № 471 Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17- декабрындагы № 309, 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 494 токтомдорунун редакцияларына ылайык” Сары-Колот айыл аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерине торук өткөрүү үчүн комиссиянын сунушталган курамын жана баштапкы баасын бекитүү максатында Сары-Колот айылдык кеңеши жердин шартына карап, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сары-Колот айыл аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерине торук өткөрүү үчүн сунушталган төмөндөгү комиссиянын курамы бекитилсин:
1.Н.Молдоев- Комиссиянын төрагасы; Сары-Колот айылдык кеңешинин төрагасы.(Макулдугу менен).
2.Э.Уразова-Комиссиянын катчысы; Айыл өкмөтүнүн катчысы.
Мүчөлөрү:
3.Э.Эшиев-Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары.
4.З.Реджапов-Сары-Колот айыл өкмөтүнүн жер адиси.
5.А.Алайчиев- Аренда бухгалтер.
6.У.Кадыров-Кара-Суу райондук агрардык өнүктүрүү департаментинин башкы адиси.
7.Н.Жусупов-Айылдык кеңештин депутаты, жер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы (Макулдугу менен).
8.Н.Кулботоев-Айылдык кеңешинин депутаты(Макулдугу менен).
9.А.Насиров- Курбан-Кара айылынын айыл башчысы.
10.Т.Аматкулов-Сары-Колот айылынын айыл башчысы.
11.К. Эгемназар уулу –Шерали айылынын айыл башчысы.
2.Сары-Колот айыл аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерине торук өткөрүү үчүн баштапкы баасы шартына карап төмөндөгүдөй баада бекитилсин:
А) Суулуу 1 га жер 5000 (Беш) миң сомдон
Б) Кайрак 1 га жер 700 (Жети) жүз сомдон.
3.Бул токтомду көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Сары-Колот айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н. Молдоев |