Редакцияот 04.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛТЫН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Алтын-Булак айылдык кеңешинин депутаттарынын (5-чакырылыштагы) кезектеги 3- сессиясы

2021-жылдын 4-августу № 4

Кезекте турган үй-бүлөөлөргө жер участогун бөлүп берүү үчүн жайыт жерлерден ынгайлуу жерлерди калктуу конуш категориясына которуу жөнүндө

Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн алдындагы жер боюнча комиссиясынын сунушун карап

чыгып, Алтын-Булак айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Алтын-Булак айыл өкмөтүндөгү элдердин суроо талаптары боюнча турак-жай курууга Алтын-Булак айылынан 2692-0,2 . 2695-0,5 . 2607-0,5 . 2642-4,5 . 3240-1,2 Таш-Башат айылынан 3217-0,7. 3466-1,8. 3468-2,0. 3266-1,1. 3568-2,0. 3432-0,4. Кандава айылынан 3143-2,3. 3443-0,8. Чечебай айылынан 3111,3125,3127-1,8. 3029- 1,5. 3300-0,5. 3291-0,2. контурларындагы жайыт категориясындагы 16,16 га,чөп ормо категориясындагы 7,19 га жалпы 23,35 га жер аянтын калктуу конуштар категориясына которууга макулдук берилсин.

2.  Алтын-Булак айыл өкмөтү тарабынан токтомду бекитип берүү жагы суралсын.

 

3.   Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы М.Мырзахматовго жүктөлсүн.

 

Алтын-Булак айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Таштан уулу Табылды