Редакцияот 04.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛТЫН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Алтын-Булак айылдык кеңешинин депутаттарынын (5-чакырылыштагы) 3-кезектеги сессиясы

2021-жылдын 4-августу № 6

Коомчулуктун айылдардын инвестициялык ассоциациясынын (КАИА) уставын каттоо жөнүндө

Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын аткаруу комитетинин төрагасы А.Байзаков (КАИАнын АК) билдирүүсүнүн негизинде, айылдык кеңешинин депутаттарын туруктуу комиссияларынын отурумунда карап, жана депутаттардын талкуусун угуп , Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине таянып Алтын-Булак айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1. Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын (ИАСС) уставы бекитилсин. (устав тиркелет 6 баракта ).

2. Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын (ИАСС) айылдык кеңеште каттоого алынсын.

3. Бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин “Финансы экономика, бюджет , экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын (комиссия курамы тиркелет).

 

Алтын-Булак айылдык

кеңешинин төрагасы :

 

Таштан уулу Табылды