Редакцияот 04.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛТЫН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Алтын-Булак айылдык кеңешинин депутаттарынын (5-чакырылыштагы) 3-кезектеги сессиясы

2021-жылдын 4-августу № 8

Асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү, спорт аянтчасын жана таштанды таштоочу жайларга жер участогун которуу жөнүндө

Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн алдындагы жер боюнча комиссиянын сунушун карап

чыгып, Алтын-Булак айылдык кеңешинин кезектеги III-сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн экономикасын көтөрүүгө жана элдин социалдык маселелерин чечүү максатында Аккыя участкасынан 33.11 контурунан 1 га жер участогун таштанды чыгаруу учун, Чечебай айылынан спорт аянтчасын курууга 34.39- контурунан 0,3 га, Кандава айылынан асыл тукум мал чарбасын өндүрүү максатында малкана курууга 3170 контурунан 1,5 га жана ФАП курууга 3439 контурунан 0,8 га жалпы 3,6 га жер аянттын калктуу конуштар котегориясына которууга макулдук берилсин.

 

2. Алтын-Булак айыл өкмөтү тарабынан токтомду бекитип берүү жагы суралсын.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы М.Мырзахматовго жүктөлсүн.

 

Алтын-Булак айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Таштан уулу Табылды