Редакцияот 21.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛТЫН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Алтын-Булак айылдык кеңешинин 5-шайланган кезектеги 5-сессиясы

2022-жылдын 21-январы № 23

Чечебай айылындагы башталгыч мектебине Маматов Сагынбайдын ысымын ыйгаруу жөнүндө

Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн Чечебай айылынын 19-январь 2022-жылдагы

№ 1 элдик жыйындын протоколунун негизинде Алтын-Булак айылдык кеңешинин

V-шайланган кезектеги IV-сессиясы күн тартибиндеги маселени карап жана

талкуулап чыгып, айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Чечебай айылындагы башталгыч мектебине Кандава айылынын тургуну Сагынбай Маматовдун наамы берилсин.

 

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Алтын-Булак айылдык

кеңешинин торагасы:

 

Таштан уулу Табылды