АЛТЫН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Алтын-Булак айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын кезектеги 5- сессиясы
2022-жылдын 21-январы № 26
Чечебай айылына салынган мечитти мыйзамдаштыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө “Кыргыз
Республикасынын мыйзамынын 6-глава 49-статья 6-пунктуна ылайык Алтын-
Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алтын-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Чечебай айылына айылдык мечит куруу үчүн 960м2 жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнүп берилген жер аянтына курулуш куруу жана жер мыйзамдарын сактоо боюнча керектүү курулуш документтерин бүткөрүү жагы Өзгөн райондук архиектура жана шаар куруу башкармалыгынан суралсын.
3. “Мамкаттоонун” Өзгөн райондук башкармалыгынан (У.Кошиев) бекитилип берилген жер аянтына болгон менчик укукгун каттоо жагы суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын айыл өкмөттүн башчысы М.Мырзахматовдон суралсын.
Айылдык кеңештин төрагасы: | Таштан уулу Табылды. |