Загрузка документа…
АЛТЫН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жергиликтүү кеңештин 5-чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 6- сессиясы
2022-жылдын 8-июну № 31
Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн Кандава айылдык ФАП куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы М.Мырзахматовдун сунушун карап чыгып
Алтын-Булак айылдык кеңешинин V чакырылышынын депутаттарынын
кезектеги 5-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн Кандава айылындагы эски кеңсенин жанына ФАПтын имаратын куруу максатында 300 м Кв жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнүп берилген жер аянтына курулуш куруу , жолду, инженердик коммуникацияларды пайдалануу жана жер мыйзамдарын сактоо боюнча керектүү курулуш документтерин бүткөрүү жагы Өзгөн райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан суралсын.
3. “Мамкаттоонун” Өзгөн райондук башкармасынан бекитилип берилген жер участогуна болгон менчик укугун каттоо жагы суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, токой маселелери боюнча комитетине жүктөлсүн.
Алтын-Булак айылдык кеңешинин төрагасы |
Т.Таштан уулу |