Загрузка документа…
АЛТЫН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Алтын-Булак айылдык кеңешинин 5- чакырылышынын кезексиз 6-сессиясы
2022-жылдын 8-июну №33
«Пэрити Коал» жоопкерчилиги чектелген коомунун Кара-Тюбе комур кенинин Карадобо 2 аянтынын Жамантал Верхний участкасынан комур казып алуу боюнча жазган 25.05.2022-ж. №134 сандуу арызы жөнүндө
Алтын-Булак айылдык аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары «Пэрити Коал» жоопкерчилиги чектелген коомунун Кара-Тюбе комур кенинин Карадобо 2 аянтынын Жамантал Верхний участкасынан комур казып алуу боюнча жазган 25.05.2022-ж. №134 сандуу арызынын жана Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык козомол Министирлиги тарабынан берилген 7105 СЕ номерлуу лицензиясын карап, талкуулап чыгып Алтын-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Пэрити Коал» жоопкерчилиги чектелген коомуна Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык козомол Министирлиги тарабынан берилген 7105 СЕ номерлуу лицензиясынын негизинде Алтын-Булак айылдык аймагынын Кара-Тюбе комур кенинин Карадобо 2 аянтынын Жамантал Верхний участкасынан жалпысы 12,71 га жер аянтын комур казуу жана комур карьеринин инфраструктуранын объектилерин куруу учун 2042 жылга чейин пайдаланууга макулдук берилсин.
2. Ушул жогорудагы 12,71 га жер аянтын Кыргыз Республикасынын 15 декабрь 2017 жылкы № 810 токтомунун негизинде бекителген жобого ылайык «Пэрити Коал» жоокерчилиги чектелген коомуна жерди башка категорияга которулбастан (трансформацияланбастан) берилсин.
3. Бул чечимдин аткарылышын козомолдоо жагы Алтын-Булак айылдык кеңешинин жер, токой, айыл чарба маселелери боюнча комитетинин төрагасы Б.Моңоловго милдеттендирилсин.
Алтын-Булак айылдык кеңешинин төрагасы |
Таштан уулу Табылды |