Загрузка документа…
АЛТЫН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Алтын-Булак айылдык кеңешинин 5- чакырылышынын кезексиз 6-сессиясы
2022-жылдын 8-июну № 34
Өзгөн райондук шайлоо комиссиясынын курамына талапкер көрсөтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясына
Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерликке Алтын-Булак айыл
өкмөтүнүн Таш-Башат айылынын тургуну Манабаев Бектур Медетбаевичти сунуштоо
жөнүндө Алтын-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1. Таш-Башат айылынын эмгек жамаатынын шайлоочуларынын 27-июнь 2022-жылдагы №1 протоколу бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясына Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерликке Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн Таш-Башат айылынын тургуну Манабаев Бектур Медетбаевич сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылдышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин жооптуу катчысы Т.Манабаевага жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы : | Т.Таштан уулу |