Загрузка документа…
АЛТЫН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жергиликтүү кеңештин 5-чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 7- сессиясы
2022-жылдын 15-сентябры № 37
2022-жылдын 3- кварталына жергиликтуу бюджетине такталган пландын негизинде толуктоо жана кемитүү жүргүзүү жөнүндө
2022-жылдын 3- кварталына жергиликтүү бюджетине такталган пландын
негизинде толуктоо жана кемитүү боюнча Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн ФЭБ
башчысынын билдирүүсүн угуп Алтын-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1. Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн киреше салыгы 2022-жылдын 3- кварталына 500,0 сомго ашыкча аткарылганына байланыштуу аппарат бөлүмүнүн 2211 беренесине 20,0 сом, 2212 беренесине 40,0 миң сом жана 2215 беренесине 400,0 миң сом ЖКХ болумуно 2215 беренесине 40,0 сом лимит берилсин.
2. Жалпы 500,0 миң акча каражатына толуктоолор жүргүзүлсүн .
3. Токтомдун аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Мырзахматовго жана ФЭБ башчы Э. Маматовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет финансы, салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Алтын-Булак айылдык кеңешинин төрагасы |
Т.Таштан уулу |