Загрузка документа…
АЛТЫН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жергиликтүү кеңештин 5- чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 7- сессиясы
2022-жылдын 15-сентябры № 38
Биринчи Элдик курултайды өткөрүү жана делегаттарын шайлоо жөнүндө
Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын 6-сентябрь 2022-жыл № 01-
13/43 сандуу “Кыргыз Республикасыныны Президентинин 2022-жылдын 15-
августундагы №284 “Элдик курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыгын ишке
ашыруу чаралары жөнүндө Алтын-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 25-ноябрында өтө турган элдик курултайга Алтын-Булак айыл аймагынан 2 делегат шайлансын.
2. Чечебай , Кандава, Таш-Башат айылдары 25-октябрь күнү саат 10:00гө Кандава айылындагы маданият үйүндө өткөрүлүп бир делегат шайлансын.
3. Алтын-Булак, Сасык-Булак, Кара-Баткак айылдары 26-октябрь күнү саат 10:00гө Алтын-Булак маданият үйүндө өткөрүлүп бир делегат шайлансын.
4. Алтын-Булак айыл аймагында Элдик курултайга делегаттарды шайлоо максатында өтүүчү жыйынды уюштуруу үчүн комиссия курамы түзүлсүн.
Комиссия курамы:
1. Таштан уулу Табылды – АК торагасы
2. Шерматов Анарбай – АК депутаты
3. Абылкасымова Зымырат – АК депутаты
4. Разакова Замира - АК депрутаты
5. Моңолов Байыш –АК депутаты
6. Чокмоев Жаныбек – Сасык-булак айылынын тургуну
7. Арзыбеков Алимбек – Кара-Баткак айылынын тургуну
8. Казыбаев Салимкул – Алтын-Булак айылынын тургуну
9. Матоморов Жаныш - Таш-Башат айылынын тургуну
10. Тагайкулов Таалай- Кандава айылынын тургуну
11. Мурзаев Султан – Чечебай айылынын тургуну
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Разакова Замирага милдеттендирилсин.
Алтын-Булак айылдык кеңешинин төрагасы |
Т.Таштан уулу |