Загрузка документа…
АЛТЫН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жергиликтүү кеңештин 5- чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 7- сессиясы
2022-жылдын 15-сентябры № 42
Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн Чечебай айылына бала бакча куруу үчүн Жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Алтын-Булак айыл өкмөт башчысынын сунушун карап чыгып Алтын-Булак
айылдык кеңешинин кезектеги 7- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1. Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн Чечебай айылындагы Чөжөев Мамат көчөсүнөн бала бакча куруу макчатында 300 м кв жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Бөлүнүп берилген жер аянтына курулуш куруу, жолду, инженердик коммуникацияларды пайдалануу жана жер мыйзамдарын сактоо боюнча керектүү курулуш документтерин бүткөрүү жагы Өзгөн райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан суралсын.
3. “Мамкаттоонун” Өзгөн райондук башкармасынан бекитилип берилген жер участогуна болгон менчик укугун каттоо жагы суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет финансы салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Алтын-Булак айылдык кеңешинин төрагасы |
Т.Таштан уулу |