Загрузка документа…
АЛТЫН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жергиликтүү кеңештин 5-чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 8- сессиясы
2022-жылдын 24-ноябры № 47
Муниципалдык тоок ферма куруу жөнүндө
Жергиликтүү кеңештин 5-чакырылышынын депутаттарынын 2022-жылдын 24-
ноябрындагы кезексиз VII сессиясы Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы
М.Мырзахматовдун сунушун карап, айылдык кеңештин депутаттары
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн Чечебай айылындагы эски сарайдын түндүк батышында жайгашкан чөп сактоочу жеринен муниципалдык кичи тоок ферма куруу максатында 0,20 га жер участогун бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Бөлүнүп берилген жер аянтына курулуш куруу, жолду, инженердик коммуникацияларды пайдалануу жана жер мыйзамдарын сактоо боюнча керектүү курулуш документтерин бүткөрүү жагы Өзгөн райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан суралсын.
3. “Мамкаттоонун” Өзгөн райондук башкармасынан бекитилип берилген жер участогуна болгон менчик укугун каттоо жагы суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет финансы салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Алтын-Булак айылдык кеңешинин төрайымы: |
Разакова З |