Загрузка документа…
АЛТЫН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Алтын-Булак айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын кезексиз 8-сессиясы
2022-жылдын 24-ноябры № 49
Алтын-Булак айылындагы Адибай Маматов атындагы орто мектебинин эски имаратынын багытын бала бакчага өзгөртүү жөнүндө
Алтын-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Алтын-Булак айылындагы Адибай
Маматов атындагы орто мектебинин эски имаратынын багытын бала бакчага
өзгөртүү жана реконструкциялоо боюнча өкмөт башчы М.Мырзахматовдун
сунуштарын жана маалыматтарын угуп жана талкуулап Алтын-Булак айылдык
кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алтын-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Алтын-Булак айылындагы Адибай Маматов атындагы орто мектебинин багыты бала бакчага өзгөртүлсүн жана реконструкциялоо жумуштары башталсын.
2. Мамлекеттик каттоонун Өзгөн райондук башкармалыгынан эски А.Маматоворто мектебине чыккан мамлекеттик актыны бала бакчага которуп берүү жагы суралсын.
3. Өзгөн райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан АПШсын бүткөрүп берүү жагы суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет финансы, салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Айылдык кеңештин төрайымы: | З.Разакова |