МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айылдык кеңешинин 3-кезексиз сессиясы
2024-жылдын 16-апрели № 18
Миң-Булак айыл аймагындагы көлмөлөрдү жана күнүмдүк бөлүштүрүү бассейндерди Москва райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” № 370 Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” № 52 токтомунун негизинде, Москва райондук суу чарба башкармалыгынын 2024-жылдын 11-апрелиндеги № 01-07/83 кайрылуусун карап чыгып
Айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Миң-Булак айыл аймагындагы төмөнкү көлмөлөр жана күнүмдүк бөлүштүрүү бассейни Москва райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берилсин:
– Күнүмдүк бөлүштүрүү бассейни (БСР)Рисороб-2;
– Джекен көлмөсү;
– Беш-Көрүк көлмөсү;
– Телеш көлмөсү;
– Россия көлмөсү;
– Заря көлмөсү;
– Крепостной көлмөсү;
– Крепостной-2 көлмөсү;
– Большевик көлмөсү;
2. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж. Алыбековко жүктөлсүн.
Төрага |
| Саркулов Б.К. |