Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кетмен – Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз V сессиясынын
2024-жылдын 22-майы №31
“Жоомарт Бөкөнбаев атындагы музейинин аянтындагы 2023-жылы курулган эс алуу паркына Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи,Токтогул районунун “Ардактуу атуулу”, Кыргызстандагы ардактуу персоналдык пенсионер, Кыргыз Республикасынын Сот ардагерлер кеңешинин төрагасы Алымбеков Турсундун ысымын берүү жөнүндө”
Жоомарт Бөкөнбаев атындагы музейинин аянтындагы 2023-жылы курулган эс алуу паркына Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи,Токтогул районунун “Ардактуу атуулу” ,Кыргызстандагы ардактуу персоналдык пенсионер,Кыргыз Республикасынын Сот ардагерлер кеңешинин төрагасы Алымбеков Турсундун ысымын берүү жөнүндөгү Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Т.Багымбаевдин 2024-жылдын 24-апрелиндеги чыгыш №01-/-87сунушун угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы токтом кылат:
1. Жоомарт Бөкөнбаев атындагы музейинин аянтындагы 2023-жылы курулган эс алуу паркына Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи,Токтогул районунун “Ардактуу атуулу”, Кыргызстандагы ардактуу персоналдык пенсионер,Кыргыз Республикасынын Сот ардагерлер кеңешинин төрагасы Алымбеков Турсундун ысымын берүү жөнүндөгү Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Т.Багымбаевдин сунушу канаатандырылсын.
2. ”Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесинде административдик - аймактык бирдиктердин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана айылдардын аталышын адамдардын аттары менен атоого, адамдар географиялык обьектилердин ачылышына изилденишине ,өздөштөштүрүлүшүнө же негизделишине түздөн-түз катышкан болсо, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер,илимдин,маданияттын өкүлдөрү жана тарыхый инсандар мамлекетке эмгек сиңирген болсо ,анда адамдын атын коюга болот деп белгиленгендиктен Кыргыз Республикасынын Сот ардагерлер кеңешинин төрагасы Алымбеков Турсундун ысымы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы музейинин аянтындагы 2023-жылы курулган эс алуу паркына ыйгарылсын.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы билим берүү,саламаттыкты сактоо, жаштар,спорт, маданий жана социалдык маселелер,коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.К. Жолдошовго тапшырылсын.
4. Бул токтом https://ketmen-dobo.kg/веб- сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрайым | А.К. Жумалиева |