Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин кезексиз 16-сессиясынын (VII шайланган) жыйналышынын
2022-жылдын 15-августундагы № 16/2
Кызыл-Жар айыл аймагындагы Коо-Чаты, Күйө-Таш, Чычырганак, Кызыл-Жар айылдарына таза суунун түтүктөрүн ар бир турак - жайга тартырууга Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн алдында уюшулган “Чычырганак” муниципалдык ишканасынын иш аракеттери жөнүндө
Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн алдында уюшулган “Чычырганак” муниципалдык ишканасынын турак –жайларга таза суу киргизүү боюнча аткара турган кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифи менен таанышып чыгып, кызмат аксын жогорулатып берүү максатында Кызыл-Жар айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. “Чычырганак” муниципалдык ишканасынын турак-жайларга таза суу системасын орнотууда элдин салымы 1560 ( бир миң беш жүз алтымыш) сом бекитилсин. ( тарифдин тиркемеси тиркелет)
2. Жогорудагы кызмат көрсөтүү боюнча түзүлгөн тарифди туура иштетүү жана элдик салымды топтоо, таза суу системасын ар бир турак жайга сапаттуу киргизип берүү жагы Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн алдында уюшулуган “Чычырганак” муниципалдык ишканасынын директору А.А.Жаңыбаевке милдеттендирилсин.
3. Кызыл-Жар айылдык Кеңеишинин агрардык,азык-түлүк,суу чарба,жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Обозбек уулу Амалбекке милдеттендирлсин.
Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин төрайымы | Г.Эрматова |
Бекитем
Кызыл-Жар айылдык Кеңещи
15.08.2022-жыл № 16/2 тиркеме
Элдик салымдын тактамасы
№ | Аталышы | Сумма | Үлгү |
1 | Взнос фонд | 200 | |
2 | Техникалык шарттар, абоненттик китепче келишим | 200 | |
3 | Канцелярдык чыгымдар | 100 | |
4 | Транспорттук чыгымдар | 200 | |
5 | Сантехникалык кызмат (негизги кудуктан үйго чейин түтүкчөлөрдү жыткыруу) | 300 | |
6 | Өздүк салым 30% суу өлчөгүч (счетчик) | 360 | |
7 | Эмгек акысы (компьютердик базага киргизүү ж.б.) | 200 | |
| Жалпы: | 1560 | Жалпы: |