Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 19-сентябрындагы № 18/2
Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Коо-Чаты айылынын атын өзгөртүү жөнүндө
Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Коо-Чаты айылынын элдик жыйынынын № 1 протоколунун негизинде берилген Коо-Чаты айылынын айыл башчысы К.Шералиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кызыл-Жар айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Коо-Чаты айылынын аталышы өзгөртүлүп Жумашов Пактакун атындагы айыл болуп аталышы өзгөртүлсүн жана Жумашов Пактакундун аты ыйгарылсын.
2. Коо-Чаты айылынын атын өзгөртүү үчүн керек болгон баардык документтерин жасатуу жагы Жумашов Пактакундун балдарына жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагын Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин депутаттарына жана туруктуу комиссиянын жергиликтүү бюджетинин иштетилишин жана маданий иштерди алып барууну көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Т.Жусубалиевага тапшырылсын.
Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин төрайымы | Г.Т.Эрматова |