Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 19-сентябрындагы № 18/3
Балык чарба уюштуруу жөнүндө
Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Кайың-Талаа айылынын “Тегирмен” участкасынан балык чарбасын уюштуруу боюнча Кайың-Талаа айылынын тургуну Кубатаев Нурмаматтын берген маалымат угуп жана талкуулап Кызыл-Жар айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Кайың-Талаа айылынын “Тегирмен” участкасынан балык чарбасын уюштуруу үчүн жер аянтты Кайың-Талаа айылынын тургуну Кубатаев Нурмаматка бөлүп берүү жагы белгиленсин.
2. Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Кайың-Талаа айылынын “Тегирмен” участкасынан балык чарбасын уюштуруу боюнча жер аянттын 5 жылдык мөөнөт менен ижарга берүү жагын жайыт комитети менен айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Кызыл-Жар айылдык Кеңеишинин агрардык, азык-түлүк, суу чарба, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Обозбек уулу Амалбекке милдеттендирлсин.
Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин төрайымы | Г.Т.Эрматова |