Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 11-октябры № 614
Архивдик документтерди сактоонун айрым маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 17-декабрындагы № 64 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө", 2024-жылдын 5-апрелиндеги № 90 "2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоо концепциясын бекитүү жөнүндө" жарлыктарын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 "Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамада:
- 36-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Документтер Сактоо мөөнөттөрүн көрсөтүү менен мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдардын ишинде түзүлүүчү типтүү башкаруучу архивдик документтердин тизмегине ылайык кагаз жана/же электрондук түрдө түзүлөт.";
- 115-пункттун биринчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 31-декабрындагы № 346 "Мекемелердин, уюмдардын, ишканалардын ишинде түзүлгөн, сактоо мөөнөттөрү көрсөтүлгөн башкаруу документтеринин типтүү тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-мартындагы № 97 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 31-декабрындагы № 346 "Архив мыйзамдары чөйрөсүндөгү укук бузууларга администрациялык жаза колдонуу тартиби тууралуу жобону жана Мекемелердин, уюмдардын, ишканалардын ишинде түзүлгөн, сактоо мөөнөттөрү көрсөтүлгөн башкаруу документтеринин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 15-октябрындагы № 80 (3634) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
|
А.У. Жапаров |