Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 19-сентябрындагы № 18/7
Кызыл-Жар айыл аймагындагы жаңы түшкөн мектептерге күз –кыш мезгилдерине жылытуусуна кошумча көмүр суроо жөнүндө
Кызыл-Жар айыл аймагында Коо-Чаты айылында жаңыдан бүткөн Сагындык атындагы орто мектепке жылытуу системасына жылдагыдан көп көлөмдөгү көмүр сарптала тургандыгы боюнча Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Ф.Э.Б башчысы Б.Арапбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Кызыл-Жар айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кызыл-Жар айыл аймагындагы жаңы түшкөн мектептерге күз –кыш мезгилдерине жылытуусуна стемасынын үзгүлтүксүз иштетиш үчүн тийиштүү акча каражатын Кыргыз Республиукасынын финансы министрлигинен суроо жагын Кызыл-Жар айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
2. Толук жаңы ишке берилип жаткан мектептерге күнүнө жагылуучу көмүрдүн өлчөмүн аныктап чыгып, тендерге берүү жагы Кызыл-Жар айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагын Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин депутаттарына жана туруктуу комиссиянын жергиликтүү бюджетинин иштетилишин жана маданий иштерди алып барууну көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Т.Жусубалиевага тапшырылсын.
Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин төрайымы | Г.Т.Эрматова |