Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 28-октябрындагы № 19/1
Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине кошумча смета киргизүү жөнүндө
Депутаттардын Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин кезексиз 19-сессиясынын (VII шайланган) жыйналышынын биринчи маселеси боюнча Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Арапбаевдин 2022-жылга карата Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттинен эконом болгон толуктоочу гранттан (выравнивающий) 2224 статьясынан акча каражатын көмүр алууга кошумча самета киргизүү боюнча берген маалыматтарын угуп жана талкуулап Кызыл-Жар айылдык Кеңеши токтом кылат
1. Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттинен эконом болгон толуктоочу гранттан (выравнивающий) 2224 статьясынан 808 000 ( сегиз жүз сегиз миң) сом акча каражатын көмүр алууга кошумча смета бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагын Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин депутаттарына жана туруктуу комиссиянын жергиликтүү бюджетинин иштетилишин жана маданий иштерди алып барууну көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Т.Жусубалиевага тапшырылсын.
Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин төрайымы | Г.Т.Эрматова |