Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 28-октябрындагы № 19/2
КР Президентинин Жарлыгына ылайык “Айыл аймагында үй-бүлөөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарды тартипке келтирүү боюнча” кабыл алынган Жобого толуктоо киргизүү жөнүндө
Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн 22.03.2022-жылдагы болуп өткөн элдик жыйынынын № 7 протоколунун негизинде КР Президентинин Жарлыгына ылайык “Айыл аймагында үй-бүлөөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарды тартипке келтирүү боюнча” кабыл алынган Жобого толуктоо киргизүү боюнча жумушчу комиссиянын төрагасы , Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн соц кызматкери Өмүрали кызы Нагиманын маалыматын угуп жана талкуулап Кызыл-Жар айылдык Кеңеши токтом кылат
1. КР Президентинин Жарлыгына ылайык “Айыл аймагында үй-бүлөөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарды тартипке келтирүү боюнча” кабыл алынган Жобого толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Жободо белгиленген талаптардын аткарылышын камсыз кылуу жагы Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы , айылдын имамдарына жана Кара-Кулжа райондук ички иштер башкармалыгынын Кызыл-Жар аймактык милиция бөлүмчөсүнө тапшырылсын.
3. Ар бир айылдар боюнча жыйындарды өткөрүү менен кабыл алынган эрежелерди айыл тургундарына жеткирип жеринде түзүлгөн комиссиялар менен иш алып баруу жагы айыл башчыларына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы Абдилазиз уулу Баатырбек) тапшырылсын.
Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин төрайымы | Г.Т.Эрматова |
|
| Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин 28.10.2022- жылдагы № 19/2 токтомуна тиркеме |
Кызыл-Жарайыл аймагында үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөөлүк, мааракелик
салтанаттарды, маркумду жерге коюу, маркумду эскерүү үрп-адаттары менен
байланышкан иш-чараларды өткөрүү тартиби жөнүндө
ЖОБО
1.Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кызыл-Жар айыл аймагында үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду жерге коюу, маркумду эскерүү үрп-адаттары менен байланышкан иш-чараларды өткөрүүнүн тартибин аныктайт.
2. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясына;
- “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” №54 Жарлыгына;
- Кызыл-Жар айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставына.
2.Жобонун максаты жана милдеттери
3. Ушул Жобонун максаты жарандардын социалдык кызыкчылыктарын коргоо жана жарандардын экономикалык кызыкчылыктарына жана моралдык негиздерине олуттуу зыян келтирген ашыкча чыгымга жана ысырапкерчилике жол бербөө чараларын белгилөө болуп саналат.
4. Ушул Жобонун милдеттери үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана иш-чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү, ошондой эле калк арасында алардын маңызын жана маанисин туура түшүнүүнү калыптандыруу болуп саналат.
3.Жобону ишке ашырууну контролдоо боюнча комиссия
5. Ушул Жобону ишке ашыруу үчүн Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн алдында үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана иш-чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү боюнча туруктуу комиссия түзүлөт.
6. Комиссиянын курамы:
- комиссиянын жетекчиси- Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары;
- комиссиянын катчысы- Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы;
- комиссиянын мүчөлөрү-Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин депутаттары, айыл өкмөтүнүн айылдарынын айыл башчылары, коомдук уюмдардын өкүлдөрү.
7. Комиссиянын курамы жана саны ушул Жобо эске алынып Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушу менен Кызыл-Жар айылдык Кеңеши тарабынан бекитилет.
8. Комиссиянын ишинин уюштуруучулук формасы болуп комиссиянын отуруму саналат. Эгерде комиссиянын отурумуна комиссия мүчөлөрүнүн жарымы катышса отурумду өткөрүүгө укуктуу деп эсептелинет. Комиссиянын чечими протокол менен таризделип, отурумга катышкан комиссия мүчөлөрүнүн жарымынан көбү добуш берсе чечим кабыл алынды делип эсептелинет.
9. Комиссия төмөнкү функцияларды аткарат:
- ушул Жобонун талаптарына ылайык үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана иш-чараларды өткөрүүгө көзөмөл жүргүзөт;
- үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана иш-чараларды өткөрүү, тартипке келтирүү маселелери боюнча Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн коомдук уюмдар жана жеке жактар менен иш алып баруусунун натыйжалуулугун өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат;
- үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкерчилике жол бербөө боюнча калк арасында маалыматтык түшүндүрүү иштерин уюштурат;
- үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана иш-чараларды өткөрүү боюнча алдыңкы тажрыйбаларды жайылтат;
- Кызыл-Жар айыл аймагындагы жеке жана юридикалык жактардан ушул Жобонун аткарылышын талап кылат.
4.Ушул Жободогу негизги түшүнүктөр
10. Маркумду акыркы сапарга узатуу иш-чаралары:
- өлгөн адамдын сөөгүн коюуга жана аны эскерүүгө байланышкан үрп-адаттардын жыйындысы;
11. Үй-бүлөөлүк салтанаттар:
- үйлөнүү тойлору, акыйка (жентек), ж.б.
5.Үйлөнүү-үлпөт, үй-бүлөөлүк, мааракелик салтанаттар.
12. Үйлөнүү үлпөт тойлордо ысырапкерчиликке жол берилбесин, 1 баш бодо малдан ашык союлбасын жана 3 автоунаадан ашык чыгарылбасын, чакырылган адамдын саны 300-400 дөн ашпоого тийиш.
13. Умра тойго тыюу салынсын. Бешик той, ажы той, юбилейлер үй бүлөлүк майрам катары белгиленип жакын туугандарынын катышуусу менен адам санын 50 дөн ашырбай өткөрүлсүн, кудаа тосууда жана узатууда жылкы (бодо мал) союуга тыюу салынып 2 кой союу менен чектелсин.
14. Сөөк коюуда, үйлөнүү үлпөт тойлорун жана башка иш чараларды өткөрүүдө жарандар Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы менен макулдашып өткөрүшсүн. 15. Жогорудагы чечимдер аткарылбаса, баш ийбеген жарандарга Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Мыйзамдарына ылайык айып пул салынсын жана Кызыл-Жар айыл өкмөтү жана Кызыл-Жар айылдык Кеңеши тарабынан тиешелүү чаралар көрүлсүн.
6.Маркумду акыркы сапарга узатуу жана маркумду эскерүү иш-чаралары
16. Сөөк коюуда маркум менен коштошууга жана жаназа окууга катышуучулардын саны чектелбейт.
17. Сөөк коюуда, жакындарына куран окутууда жана аза күтүү ырым-жырым болуп жаткан үйдө 2 койдон башка ири бодо мал, жылкы жана башка жандыктарды союуга тыюу салынат. Маркумду акыркы сапарга узатуу жана эскерүү учурунда дасторкон жасоодо ашыкча ысырапкерчиликке жол берилбесин.
18. Маркумдун уул, кыздары жана жакындарына кафелерде каадаларды өткөрүүгө тыюу салынсын.
19. Сөөк коюуда, той-аштарда себеттер, материалдар алынып барылбасын. 20. Сөөк коюу жана аза күтүү учурунда спирттик ичимдиктерди ичүүгө тыюу салынат. 21. Сөөк коюуда, аза күтүүдө келгендерди конок кылып сыйлоого, ошондой эле жай казгандардан, сөөк жуугандардан башкаларга акча же буюмдарды берүүгө жана ырымдап сандык ачууга, “ак кийди”, “тон жапты” жана “жыртыш” сыяктуу ырым-жырымдарды жасоого тыюу салынат. “Көк кийдини” өтө жакын үй-бүлөө мүчөлөрүнөн башкаларга кийүүгө тыюу салынсын.
22. Сөөк коюудан кийин болуучу “үчтүк”, “бейшембилик”, “кыркылык” маркумду эскерүү ырым-жырымдары тамак-аш берүүсүз , маркумга куран окуп, бата кылуу формасында жакын туугандарынын катышуусунда өткөрүлөт.
23.“Кырктык”, “бейшембилик” деп белгилеп эскерүү өткөрүүгө тыюу салынсын жана маркумду эскерүү күнүн жылдын баардык күнүндө эскерүүгө болоору белгиленсин.
24. Маркумду эскерүү урматына (жылдык) бир бодо союу менен белгиленсин, катмыга жандык союлбасын, себет берилбесин, “чай ичирүү” токтотулсун жана ал күндү айт майрамы күндөрүнө белгилебесин.
25. Мүрзөлөрдүн үстүнө белги коюу шарият жолунда жүргүзүлсүн.
26. Айт майрамдары майрам катары белгиленсин.
27. Чечимди аткаруу Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысына жана Кара-Кулжа РИИБнүн Кызыл-Жар айыл аймагындагы милиция өкүлдөрүнө жүктөлсүн.
28. Чечимди аткаруу Кызыл-Жар айыл аймагындагы мечиттердин имамдарына сунушталсын.
7.Ушул Жобону аткаруу боюнча жеке жана юридикалык жактардын милдеттери
29. Жеке жана юридикалык жактар үйлөнүү-үлпөтүн, үй-бүлөөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду жерге коюу, маркумду эскерүүгө байланышкан иш-чараларды түзүлгөн комиссияны милдеттүү түрдө кабарлоо, ушул Жобонун талаптарын сактоо менен өткөрүүгө милдеттүү.
30. Кызыл-Жар айыл аймагындагы кафе-ресторандардын администрациялары пландалган үйлөнүү-үлпөтүн, үй-бүлөөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду жерге коюу, маркумду эскерүүгө байланышкан иш-чараларды 1 күн мурун иш-чарага чейин комиссияга жана Кара-Кулжа РИИБнүн Кызыл-Жар айыл аймагындагы милиция өкүлдөрүнө жазуу жана оозеки түзүндө кабарландырууга милдеттүү.
31. Жеке жана юридикалык жактар ушул Жобонун талаптарын сактабагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Мыйзамдарына ылайык, белгиленген тартипте жоопкерчилике тартылат.
8.Корутунду Жобо
32. Ушул Жобого өзгөртүү, толуктоолор Кызыл-Жар айылдык Кеңеши тарабынан киргизилет.
Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин катчысынын убактылуу милдеттин аткаруучусу: |
Г.Ысманова |